Укук коргоочу Турсунбек Акун 7-каналга берген маегинде "Кыргызстан коому өтө эле саясатташып кеткенин" белгиледи.
Ал Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар акталганы тууралуу пикирин билдирип жатып, бул эки жакка тен сабак болуусу керек дейт.
"2022-жылдын октябрь айынан тартып укук коргоо органдары тарабынан саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналисттер камалды. Ушундай массалык камакка алуу башталып кетти. Анын негизинде туура эмес коомдук пикирлер пайда болгон. Сот Марат Сыдыковдун чыгарган чечими биринчиден, биз күткөн чечим болду. Соттор адилеттүүлүк кылат деген жакшы ой бар болчу. Бул чечим жөн чыккан жок, бизде жарандык коом өнүккөн, ар бир жаран пикирин эркин билдире алат, бекеринен Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиялык аралча деп аталган эмес. Коомчулуктун талабын бийлик дагы, соттор дагы эске алдыбы деген ой. Айтор, сот чечими адилет болду. Сот адилеттүүлүгү бар дегенге элдин ишеними пайда болуп калды. Бул бийликке дагы, оппозицияга да сабак болду. Бийликке сын айткандардын арасында моюнга алыш керек, аша чапкандар да болгон. Ошондуктан бул эки жакка тең сабак болду. Мындан жыйынтык чыгарып сабак алышыбыз керек.
Мындан сырткары көз карандысыз пресса, коомдук пикир бар. Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстанга караганда 30 жылдан бери демократиялык түшүнүктө жашап калган элбиз.
Экинчиден азыркы бийлик башында тургандар да Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардай эле биз кездерде камалып, кыйынчылык көрүшкөн. Бул дагы роль ойноду деп ойлойм. Кечиримдүү болуш керек. Азыр бошоп чыккандар биз 1 жыл 8 ай абакта жаттык, өч алышыбыз керек дегенден алыс болушу керек. Албетте, аларды камаган укук коргоо органдары мыйзам алдында жооп бериши кажет. Бирок бийлик заказ кылып каматкан деген кине коюп, өч алуучу кадамдарга барбоо зарыл", - деди Турсунбек Акун.