30 жылдан ашуун убакыттан бери ордунан козголбой келаткан кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү маселелерге чекит коюулуу алдында турат. 2-октябрда Баткен шаарында эки өлкөнүн чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын жыйыны өткөнү белгилүү болду. Анда Кыргызстандын УКМКсынын төрагасы Камчыбек Ташиев коңшу өлкөнүн атайын кызматынын башчысы Ятимов менен жаңы, 44-протоколго кол коюшту. 

Бул протокол эки өлкөнүн ортосунда буга чейин орун алып келген ар кандай жаңжалдарды токтотууга өбөлгө болоору айтылды. Камчыбек Ташиев жакында кабыл алынуучу акыркы чечимге №44 протокол негиз болуп берээрин жана эки эл ортосундагы тынчтык, ынтымакты камсыз кылаарын белгиледи. Ятимов "бир дагы конфликт тарыхтан өйдө турбай турганын" билдирди. 

Кыргызстан Тажикстан менен гана ушул убакка чейин чек арасын толук тактай элек. 2002-жылдан тартып коңшу өлкө менен аймактарды тактап алууга аракеттер көрүлө баштаган. Бирок ал максатына жеткен эмес. Ошол убактагы бийлик башындагылардын кайдыгерлиги, алешемдиги курч маселени кызуу кезинде согууга жол бербеген. Мындан улам 2020-жылга чейин Тажикстан менен кесилишкен жалпы 970-980 чакырымдын 519 чакырымы гана такталган. Ал эми калган эң таалуу, талаштуу аймактар бир нече жыл бою эки өлкөнүн элинин тынчтыгына кедергисин тийгизип келди. Канча ирет куралдуу кагылышуулар орун алды, жүздөгөн үйлөр талкаланып, жарандар, аскерлер курман болду. 

Серепчилер Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү аракети бир нече жылдар жараатка айланып, маал-маалы менен өзүнүн бар экенин эскертип келген маселени чечүүгө жол ачып бергенин айтышууда. 

"Кыргыз эли бир муштум болуп, чек арага байланышкан маселелерди чечүү ыкмаларын колдоп беришти эле, анын жыйынтыктарына күбө болуудабыз. Бул абдан жакшы көрүнүш болду деп эсептейм. Чек араны чечүүдөгү эң негизги принцип катары Камчыбек Ташиев "бир метр жерибизди бербейбиз, башканын бир метр жерин албайбыз, биздин жер биздики бойдон калат" деп айтып келет. Тарыхый документтерге таянып биз тарапка ыңгайлаштырып чечип жатканыбыз - эң жакшы нерсе", - дейт саясий серепчи Ялкун Даутов. 

30 жылдан бери талашта калып, куралдуу кагылышууларга от чачып келген чек ара маселесине чекит коюлушу - тарыхый иш. Мындай пикирин серепчи Бейшенбек Абдразаков билдирди. Ал бул маселени создуктурууга убакыт жоктугун, элдин, чек ара аймагында жашаган тургундардын бейпил жашоосу үчүн чечкиндүү кадам таштоо зарылчылдыгы курчуп жетилгенин белгиледи. 

"Бул өтө чоң тарыхый иш болду. 30 жылдан бери чечилбеген чек ара тактала баштады. Аны юридикалык жактан тастыктап кол коюу калган болчу. Биз тарап да, тажик тарап да макул болуп, протоколго кол коюлду. Ушул нерсе бизге абдан керек эле. Ортодогу такталбаган аймактар көптөгөн жаңжалдардын чыгышына себеп болуп келди. Эми анын баарына чекит коюлду. Чек ара такталса, жаңжалдар болбойт, элибиз тынч жашайт", - деди Абдразаков.