Кечээ, 2-октябрда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги биргелешкен жыйыны өткөн. Анда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жаңы протоколго кол коюшту. Андан кийин биргелешкен билдирүү жасашты. 

"Бул эки тараптык макулдашууларды камтыган протокол чек арага байланышкан бардык маселелерди чечүүгө жардам берет. Жакын арада акыркы чечимди кабыл алабыз. Бул чечимди кабыл алууга катышкан команданын бардык өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиребиз. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссия тынымсыз, дайыма иштөөдө, жакын арада көп чечимдер кабыл алынат. Бүгүнкү кол коюлган протокол чек арадагы тынчтыкты, туруктуулукту камсыз кылып, эки элдин ынтымакта, биримдикте жашашына өбөлгө болот", - деди Камчыбек Ташиев. 

Саймумин Ятимов дагы тынчтык ар кандай конфликттен жогору тураарын белгиледи. 

"Биз кол койгон протокол чек арага байланышкан бардык маселелерди чечүүгө жол ачат. Буга чейинки ар кандай жаңжалдарга негиз болуп жаткан маселелер чечилет. Протоколго кол коюу жана жоопкерчиликти алуу менен айта алам: ал эки өлкөнүн Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун эрки менен ишке ашты. Биз эми протоколду кадам-кадамдап ишке ашыра беребиз. Кыска убакытта негизги документке жетебиз. Жаңы протокол чек ара аймагындагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылат", - деди.