Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйында сөз сүйлөдү.
"Тилекке каршы, азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүүдө. Ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолууда.
Мунун баары аскердик жана мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөө зарылдыгын эскертип, аскердик коопсуздук коркунучтар артып баратканынан кабар берет. Ага ылайык аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууга мамлекеттик көз карашты кайра карап чыгууну талап кылууда.
Жалпы аскердик-саясий туруксуздук, согуш аракеттеринин очоктору, жер шарынын ар кайсы аймактарында улам бир жаңы куралдуу кагылыштардын келип чыгышы элестете алгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын активдүү ишмердиги Борбор Азия аймагындагы бардык мамлекеттер үчүн коркунуч булагы бойдон калууда. Мамлекеттер аралык мамилелер жана региондор аралык байланыштар системасында түзүлгөн карама-каршылыктар фонунда ал күч алып жатат.
Геосаясий кызыкчылыктардын кагылышы, дүйнөлүк алдыңкы державалардын жана аскердик-саясий блоктордун ортосундагы карама-каршылыктардын күчөшү өлкөлөр ортосундагы өз ара ишенимге доо кетирип, кризис жаратты, анын кесепети дүйнөлүк экономикага да таасирин тийгизүүдө.
Санкциялык саясаттан улам соодага жана башка нерселерге чектөөлөрдүн күчөшү дагы глобалдык деңгээлде карама-каршылыктардын курчушуна жана абалдын туруксуздашуусуна алып келе турган факторлордун бири болуп калды.
Өлкөлөрүбүздүн отун-энергетикалык импортко көз карандылык шарттарында аймактагы чуу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу региондогу туруктуулукка терс таасир тийгизүүчү факторлордун бири болуп калды.
Мен белгилеп өткөн жана көптөгөн башка коркунучтар бизге жыл сайын, ай сайын, керек болсо күн сайын чакырык таштап, биздин мамлекетибиздин бекемдигин текшерип жатат.
Бул көйгөйлөрдү чечүү жана мамлекетибиздин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө үчүн комплекстүү мамиле кылуу зарыл.
Өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ырааттуу жана так жүргүзүү биздин мамлекетти тышкы коркунучтардан эле сактабастан, ички туруктуулукту чыңдайт, коомдук коопсуздукту жогорулатат, өлкөнүн экономикалык жана руханий адеп-ахлактык потенциалын бекемдейт. Муну баары жалпы эле мамлекетти өнүктүрүүгө, анын коопсуздугун камсыз кылууга оң таасирин тийгизет.
Анын натыйжасында Кыргыз Республикасы бүтүндөй Борбор Азия регионун өнүктүрүү саясатын аныктоодо алдыңкы ролдордун бирин ээлеп калышына негиздердин бири болуп калат.
Кыргызстан өзүнүн саясатын кошуналар менен ынак мамиледе болуу принцибинде түзүп жаткан меймандос өлкө деп келебиз. Андыктан, биз өзүбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүбүздүн деңгээлин жогорулатууну унутпашыбыз керек.
Натыйжалуу, туруктуу жана дайыма өнүгүп турган материалдык-техникалык инфратүзүмгө, тийиштүү илимий-изилдөөлөр жана ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүү менен заманбап илимий-техникалык жетишкендиктерге жана маалыматтык технологияларга таянуу менен өлкөбүздүн коргоонусун өнүктүрүүбүз абдан маанилүү.
Мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн толук кандуу камсыз кылуу мамлекеттүүлүгүбүздү, улуттук нарктуулугубузду, улуттук иденттүүлүгүбүздү сактоодо, өлкөнү мындан ары туруктуу, ар тараптуу жана иреттүү өнүктүрүүдө, ошондой эле өлкө ичиндеги, бүтүндөй региондогу коопсуздук менен туруктуулукту тийиштүү деңгээлде кармап турууда маанилүү процесс болуп саналат", - деди мамлекет башчы.