Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани 6-июнда мамлекеттик сапар менен алгачкы жолу Кыргызстанга келди. Эл аралык "Манас" аэропортунда жогорку даражалуу конокту Президент Садыр Жапаров өзү тосуп алды. Аэропортто көчмөн элдин касиетин көрсөткөн ички жасалгалары менен боз үй тигилип, кыргыз наркы менен тосуп алганы өзгөчө кооздукту жаратты. Улуттук кийимчен бүркүтчү жана тайганчынын катышуусунда салттуу маданияттын элементтерин көрсөтүштү. Бул маалда ансамблдин артисттери кыргыздын улуттук бийлерин аткарып турушту. Катардын Эмирин аэровокзалдын имаратынын алдында аттары менен 10 чабандес жигиттер жана "Алптар" баатырлары тосуп алышты. Алар кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү.

7-июнда тар жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты. 

Жолугушууда Садыр Жапаров Катар менен Кыргызстандын кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи. “Бул сапарыңыз өз ара ишенимге негизделген кыргыз-катар бир туугандык мамилелеринин жаңы барагын ачаарына жана ар кыл багыттарда кыргыз-катар кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө чоң түрткү берерине терең ишенем. Учурда Катар Мамлекети өркүндөө жолун ишенимдүү улантып, эл аралык аренада көрүнүктүү жетишкендиктерге жетип турган чагы. Дал ушул учурда сиз араб дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келип турасыз. Үстүбүздөгү жылы биздин өлкөлөрдүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орногонуна 25 жыл толуп олтурат. Бул мааракелик датаны биздин кадырлуу катарлык досторубуз менен салтанаттуу белгилеп жатканыбыз кубанычтуу. 25 жыл аралыгында Кыргызстан менен Катар ортосунда саясий кызматташтык активдүү жүргүзүлүп, ар кандай деңгээлдеги өз ара сапарлар жана бир катар маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү”, - деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Эки өлкөнүн лидерлери бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташып, бир катар документтерге кол коюшту.