- Президенттин Кытайдын Сиань шаарына жасаган визитине кандай баа бересиз?

- Кыргызстандын президентти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапары заманбап, замандын талабына төп келген визит болду. көп түйүндүү маселелер чечилди. Эң башкысы кызматташтыкты күчөттү.

- Кытай Борбор Азиядагы мамлекеттердин айрымдарына карызга ал эми бизге гранттык негизде каражат берди. Эмне үчүн Кыргызстанга ири суммадагы грант берди?

- Кытай Борбордук Азиядагы өлкөлөргө карызга каражат берди. Кыргызстанга кайтарымсыз грант катары чоң жардам көрсөткөнү – Кытай өлкөсү Кыргызстанды коңшулардын улуусу, абалкысы, 7000 жылдан берки мамилебизди тааныгандыгы. Негизги буга өбөлгө тузгөн жагдай Садыр Жапаровдун эки өлкө ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн жасаган аракетинин акыбети десек да болот. Президенттин аракетине жооп катары Кытай грантты көбүрөөк берди деп ойлойм.

- Сиань шаарындагы жолугушуудан кийин эбактан бери айтылып келе жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулары бекемделдиби?

- Президенттин сапарынан кийин баарыбыз байкагандай, кытай-кыргыз-өзбек темир жолунун салынаарын бөркүңөрдөй көрө берсеңер болот. Буюрса, эмки жылы темир жолдун курулушу башталат. Кыргызстан үчүн жакшы жашоо, жаңы доор башталат.

- Бирок, кытайлар жылма саясаты менен басып кетет деп жаткандар да бар го?

- “Кытай-кыргыз-өзбек темир жолу салынып кетсе Кытай каптап кетет” деген сөз бузукулардын сөзү. Бу жолдун салынышына Орусиянын жана Казакстандын анча ичи чыкпай турат. “Кыргызстан менен Өзбекстан бизди тоготпой кетет, биз булардын үстүнөн таасирибизди жоготуп алабыз” деген кеп да...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити