- Аликбек агай, президент Садыр Жапаров  Кытайдын Сиань шаарына иш сапар менен барды. Мыкты дипломат, эл аралык, тышкы саясатты жакшы билген адам катары ажонун  иш сапары жөнүндө кандай пикирдесиз?

- Эң биринчи Сиань шаары тууралуу биздин окурмандарга кичине маалымат бергим келет.  Сиань шаары 3100 жылдык тарыхы бар байыркы шаар. Сиань шаарынын байыркы аты Чаньань, кытай тилинен которгондо “узак тынчтык” дегенди билдирет. Убагында дүйнөдөгү эң ири шаарлардын бири болгон.  Ошон үчүн Сиань шаары кытай дүйнөсү үчүн ыйык шаар болуп эсептелет.  Сиань - Кытайдын эң маанилүү тарыхый жана маданий борборлорунун бири десек да болот. Учурунда Сиань шаары 13 мамлекеттин борбору болгон. Мезгилинде император Чжоу-Синь Шан империясы жайгашкан.  Сиань шаарында кечээ жакында чоң тарыхый окуя болду.  Кытайдын президенти  Борбордук Азиянын беш жетекчиси менен ушундай форматта биринчи жолу жолукту. Сиань декларациясына кол коюлду. Ошондой эле  Сианга барган президенттер экономика, бажы, айыл чарба жана башка маселелер боюнча демилгелерди көтөрүп, механизмдер түзүлдү. Сүйлөшүү, макулдашуу келишимдерди түзүшүп, Борбордук Азиянын  мамлекеттери менен Кытайдын алакасынын аркасында  регионалдык  эки тараптуу долбоорлорду  колдоого алуу маселеси чечилди. Ачыгын айтыш керек бул  колдоого аларлык иш болду. Муну Кыргызстан үчүн маанилүү маселе десек болот. Тагыраагы,  президент Садыр Жапаровдун Сиань шаарына барышы ийгиликтин чоң башаты болду. Кытайдын лидери Си Цзиньпин, премьер министр жана башка жетекчилери менен сүйлөшүүлөр болду. Дагы бир жолу көп тараптуу стратегиялык өнөктөштү өнүктүрүү, экономикалык саясий кызматташуу боюнча жакшы ийгиликтерге жетти десек  болот. Бүгүнкү күндө Кытай экономикалык жактан дүйнөдө экинин бири болуп эсептелет. Кытай эң бир маанилүү таасирдүү мамлекетке айланып, жаңы стратегиялык багытын  кабыл алып, Борбордук Азияга өзгөчө көңүл  буруп жатышат. 21-кылымда акыркы дүйнөлүк саясатта болуп жаткан окуялар, тирешүүлөр, карама-каршылыктар эл аралык уюмдардын ыйгарым укуктары кызыктай абалда болуп жатканда эки тараптуу чоң мамлекеттер Россия менен Кытайга барып алака түзүп, ошолор менен кызматташуунун тереңдеткени кыргыз мамлекети үчүн абдан маанилүү. Президенттин  Россияга барганына  бир ай боло электе Кытайга барганы дүйнөлүк саясатта кыргыздар өзүнүн орун издеп, улуттун кызыкчылыгын көздөгөн саясат жүргүзгөнү байкалып  жатканын айтышууда.

- Кытай Казакстанга,  Өзбекстанга  карызга акча берди. Ошол эле кезде бизге  грант бериптир. Буга  кандай көз караштасыз?..

- Мен ойлойм саясатты жакшы түшүнбөгөндөр баланча мамлекетке мынча карызга акча бериптир. Бизге кредит берген жок дегендей түрдүү ойлорду айтып жатышат. Мен ойлойм бүгүнкү күндө ансыз деле Кыргызстандын кытайга  1, 78 миллиард  карызы бар. Менин оюмча биздин жетекчилер элдин пикирин эске алып жана карызыбыз бар экенин ойлошуп карыз сураган жок. Анткени, карызга акча суроо биздин улуттун кызыкчылыгына дал келбеши мүмкүн. Эгер карыз  сураса жөн эле беришмек. Анткени, Кытай мамлекетинде акча көп. Триллион деген запастары бар. Мамлекеттин ичинде дагы сыртында дагы акчасы көп. Дүйнөлүк ири державалардын банктарында да каражаттары бар. Ошон үчүн аларга акча берүү маселе эмес. 
Бирок, чоң суммадагы грант бергени абдан маанилүү. Тагыраагы, биздин мамлекетибизди, элибизди, жетекчилерибизди сыйлап грант бергенин жакшы жышаан деп айтсак болот. Эми ошол гранттарды өкмөт, жергиликтүү бийликтер туура пайдаланып, элге жеткирип, андан натыйжа чыгарып, жалпы экономикабызды көтөрүп, элдин турмушун оңдоого, бизнестерди өнүктүрүүгө пайдаланса,  грант алуу мүмкүнчүлүгүбүз мындан да кеңейет.  Анткени, кытай болобу же башка мамлекеттер болобу грант берип жатканда аны кандай пайдаланат деп байкап турушат. Биз грантты элибизге, экономикабызга пайда алып келгидей пайдалансак, анда дагы мындан да чоң гранттарды бериши толук мүмкүн. Убагында Кытай миң деген комбайн, тракторлорду берген. Ошондон кийин кредит гана алып калганбыз. Азыр ошол грант бергенин жандандыра баштаганы биздин мамлекет үчүн  жакшы жышаан десек болот. 

Бүгүнкү күндө жалпы саясатка, элдин маанайына жараша чоң мамлекеттер жардам бергенге аракет кылат. Анткени, экономикабыз кыйын абалда. Дүйнөлүк экономикада дагы ушундай процесстер башталып, кыйынчылыкка кептелип жатпайбы. Ошон үчүн чогуу-чаран ушул абалдан чыгышыбыз керек. Географиялык картаны карасак биз кытай менен Россиянын ортосунда жайгашканбыз. Тагыраагы, чоң мамлекеттер Борбордук Азиянын жана элинин абалы, ички, тышкы саясаты, экономикасы кандай деп  талдап  көз салып турушат. Биз ички ынтымагыбызды бекемдеп,  өнүп-өсүүнүн аракетин көрсөк  бизге дагы чоң колдоолор  болот.  

- Президенттин иш сапарынан кийин Кытай –Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулат деген ишенимдүү маалыматтар айтыла баштады. Бирок, бул темир жолдун кереги жок дегендер да чыга баштады.  Негизи эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруунун кажети барбы?  

- Менин оюмча мындай терс маалыматтарга  кыжаалат болбой бир нерсени түшүнүшүбүз  керек. Дүйнө өзгөрүлдү. Кыргыз мамлекети, кыргыз эли, өкмөтү да өзгөрүшү керек. Дүйнөлүк прогрессивдүү процесстерден артта калбай интеграция маселелеринде чогуу иштерди жасашыбыз керек. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу биздин экономикага абдан чоң салымын кошот. Элдин, мамлекеттин турмушун оңдойт. Ошон үчүн кооптонбой эле батыл киришишибиз керек. Коркут отура берсек, артта калып, өнүккөн мамлекетте эмес, тоодо жашап калабыз.

- Бирок, темир жолу курууда чечилбеген түйүндүү маселелр бар деп жатышат го айрым билармандар...

- Темир жолдун курулушу боюнча да суроолор көп.  Мындай болуп калса, андай болуп калса эмне болот деген күмөн жараткан маселелер бар. Ошон үчүн темир жолду салып жатканда коррупцияга жол бербей биздин адистер тыкыр карап, темир жолду  ким салат, ал кайсыл коллея менен кетет. Кайсыл жерде логистикалык борбор курулат деген маселенин баарын кылдаттык менен карашыбыз керек.  Негизи темир жол курулса Кыргызстан транзиттик мамлекетке айланат. Ошон үчүн элибиз темир жолдон  кандай пайда көрөт, ошого жараша иш кылышыбыз керек. Мен ойлойм темир жол курулат. Азыр болбосо, кийин курулат. Анткени, бул мезгилдин талабы. Ар дайым өзүңөр билесиңер Кытай чек араны жаап койсо эле биздин орто жана чакан ишкерлерибиздин  иштери токтоп калат. Тамак-аштан баштап, кийим-кече, курулуш материалдарга чейин кытайдан алышат.

Ошон үчүн Кытай менен мамилебизди бекемдеп, кызматташтыкты күчөтүш керек.  Ошондой эле  Эркештам, Торугарт өткөрмө бекеттерибиздеги абалды дагы жакшыртышыбыз керек.  Жакында Беделден дагы ачылат деп жатышат. Беделден дагы өткөрмө бекет ачылса, ал да жакшы. 

Эл кооптонбош үчүн биздин мамлекет, өкмөт  чек ара, бажы тармагына  коррупцияга аралашпаган, мамлекетке күйгөн адистерди коюп, темир жолдун жээгинде жайгашкан станцияларга жана өткөрмө бекеттерде шарттарды түзүш керек. Түштүккө барганда Эркештам аркылуу жүк ташыган жигиттер маселе көп экенин, шарттары кыйын экенин айтышты. Өзгөчө кышында жүк алып барган кишилер абдан кыйналат дешти. Ошон үчүн бардык факторлорду эске алып, шарттарды жакшыртышыбыз керек. Ал жерге туристтер, соодагерлер келет. Баардык жагынан шарттарды түзсөк, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунан жакшы пайда көрөбүз.   Поезд шуулдап өтүп кетпей кайсыл станциядан токтосо, ошол жерден жергиликтүү эли пайда көрө турган кылышыбыз  шарт. 

Баса, кытайлар басып кетет деген коопсуздук боюнча айтып кетейин. Азыр заман башка. Илгери атчан барып эле чаап  кетчү. Азыр дүйнөлүк коомчулук  деген бар. Кыргызстан, Кытай Өзбекстан ШОСтун, ОДКБнын мүчөсү . Бири бирибизди сыйлап, стабилдүүлүк орношу үчүн бирдикте шарт түзүшүбүз керек. Ошондо анчалык деле кооптоно турган маселе жаралбайт. Анткени, темир жолго көп мамлекеттер кызыкдар болот. Мисалы, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, Борбордук Азияда тынччылык болуп, кошуналар өнүксө экен дешет. Анткени, тынчтык болсо,  темир жол стабилдүү иштерин билишет. Ошон үчүн коопсуздук жагын сактоого алар дагы кызыкдар болот. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстандын күч органдары атайын бир иш план түзүп, коопсуздук маселелеринде иш чараларды түзүшү керек. Өзгөчө жергиликтүү элге ушундай түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулса, душмандашкан мамлекеттер көбөйөт, курдурбаштын аракетин көрөт, чагымчылдык аракеттер болот деген ойлорун  айтышууда. Ал темир жолдун курулушун кимдер каалабашы мүмкүн?

- Азыр айтыш кыйын. Анткени, көптөр чоң державаларды  темир жолдун курулушун каалабайт деше берет. Бирок, мен бул ойго такыр кошулбайм. Анткени, азыркы саясий экономикалык абалда чоң державанын бири толук Чыгыштан бурулду. Ошон үчүн алар дагы Борбордук Азияда тынччылык, өнүгүү болушуна кызыкдар. Негизи алыстагы кара күчтөр Кытай менен Россиянын ортосунда чагымчылдык кылгысы келет дешет. Ага көңүл бурбай Кыргызстан эки чоң мамлекетке таянып, иш кыла бергени туура болот. Эки чоң мамлекет менен алака, стратегиялык өнөктөш бекемделип, саясий жана  экономикалык жактан кызматташуусу өнүгүп, өстүрө беришибиз керек. Анткени, дүйнөлүк процесстер өзгөрүп, көп багыттуу дүйнөлүк саясат түзүлүп жатканда эки мамлекеттин ортосундагы мамиле өтө маанилүү. Булар стратегиялык өнөктөштүгүн күчөткөн сайын бизге дагы жакшы болуп, келечегибиз кең болот.

Чынайым Кутманалиева