Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов "Sputnik Кыргызстанга" берген маегинде парламенттин спикерлигинен кеткен себебин айтып берди. Ал белгилегендей, отставкага кетүү чечими өзү кабыл алган, анткени, Камчыбек Ташиев менен Коргоо министрлигинин өкүлү Бактыбек Бекболотов өткөн жылы парламентке куралдарды эмнеге алып келгенин түшүнгөн эмес.

Эске салсак, өткөн жылдын 22-сентябрында кыргыз-тажик чек арасындагы масштабдуу кагылышуудан кийин бул окуя парламентте жабык эшик артында талкууланган. Ошондо, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен коргоо министри Жогорку Кеңешке эки жашик курал алып келишкен.

Президент Жапаров бул окуядан кийин депутаттар УКМК төрагасын биздин жоокерлердин курал-жарак, ок-дарысы жетишпей турганын айтып, “Ташиев эмне кылып жүрөт, анын чалгыны иштебей жатат”, - деп сынга алышканда, УКМК башчысы эмоцияга алдырып жибергенин билдирген.

“Сыягы, ал “Мына, силерге автоматтар” деп көрсөтүү үчүн алып келген болуу керек. Албетте, аны парламентте эмес, Баткенде, болгону ал жакка барууга макул болгон депутаттарга берүү керек эле. Бул жерде Ташиев бир аз жаңылып калды. Бирок анын ошол убактагы абалын туура түшүнүү керек. Ал кагылышуу болгон жерден түз эле парламентке келген. Анан эмоцияга бир аз алдырып койду”, - деген мамлекет башчы.

Чек арадагы окуядан 63 кыргызстандык курман болуп, 206сы ар кандай жаракат алып, ал эми чек ара аймактарынын 130 тургуну өз үйлөрүн таштап, коопсуз жерге кетүүгө аргасыз болушканын эске алсак, анда окуя болгон жерден келген Камчыбек Ташиевдин абалын түшүнүүгө болот. Ошондуктан, спикер Мамытовдун кырдаалды так баалоонун ордуна, жылып четке чыга бергени кызык. Анда кандайдыр бир шалаакылык бар.

Жалпысынан, Талант Мамытовдун саясий ишмердүүлүгүн толук карай турган болсок, ал эч убакта чечкиндүүлүгү менен айырмаланган эмес. Башкача айтканда, дайыма өздөр арасындагы өгөй.

2010-жылы Ташиевдин жардамы менен парламентке “Ата-Журт” партиясынын курамында келген. 2021-жылы Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен чогуу СИЗОго түшкөн. Аларды Кумтөр кенин улутташтырууну талап кылган митинг учурунда “бийликти басып алууга аракеттенүүгө” айыпташкан. Баары акталгандан кийин Жапаров оппозициялык ишмердүүлүгүн уланткан, ал турмак өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. А Мамытов эмне кылды эле? Парламенттеги мыйзам чыгаруу ишин жасап, жайбаракат отурган.

2015-жылы ал дагы эле Ташиевдин жардамы артында Жогорку Кеңешке келди, бирок бул сапар Бабанов менен биргеликте түзүлгөн “Республика-Ата-Журт” партиясы аркылуу. Ташиевди шайлоодон четтетип салышкандан кийин Мамытов Бабановдун колтугунан жылуу-жумшак жай таап, фракциядагы орун басарына айланды.

 Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган маалда, Жапаровдун тарапташтарынын аны абактан чыгарууга үмүтү пайда болду. Мамытов болсо дагы деле партиялаш жолдошунун таламын талашканга аракет да кылбады. Анын ордуна башка маселелер менен алектенди. 2019-жылы Талант Мамытов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өлкөдөн 700 миллион доллар чыгарып кетүүгө катыштыгын иликтөө боюнча депутаттык комиссияны жетектеди. Депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгында Матраимов толугу менен акталды, а журналист Али Токтакунов пара алууга айыпталды.

Булак: vb.kg