- Ташболот ага, Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрүн коюуну аймактык бирикменин жетекчилигине сунуш кылыптыр. Бул маселени чек араны ЖККУнун бейпил күчтөрү кайтарса жагдай жакшыратдеген үмүт менен көтөрдүбү?

- Бактыбек Бекболотовдун сунушу эки тараптын согуштук күчтөрүн бири-бирине жакындатпай тосуп туруу үчүн пайда алып келиши мүмкүн. Бирок чек арада жашаган элдердин ар түрдүү кагылышуусун, жарандар арасындагы бири бири менен болгон чыр -чатакты  чече албайт. Коргоо министринин  сунушун абалды курчутпай турган убактылуу вариант катары карасак болот. Бул биринчиси. Экинчиси, бул сунуш орустардын Кыргызстандагы таасиринин күчөшүнө алып келет. Ошон үчүн бул сунушту терең анализ жасап, анан жети өлчөп, бир кесиш керек.

- Айтмакчы, Астанадагы саммитте кыргыз-тажик чек арасын тактоого Орусия ортомчу болууга макул экенин билдирди. Ошондой эле, Путин Москвада Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди берерин айтты. Москвада кыргыздар билбеген  карталар да болушу мүмкүнбү?

- Мүмкүн Путин бизге пайдалуу жагын таап калабы деп  үмүт кылып жаткандырбыз. Бирок Путин менен тажик президентинин жакын мамилесин эске ала турган болсок, Кыргызстандын уттуруп коюу мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм. "Таяктын эки учу барЦ дегендей мындай маселелерде биз көп эле орустарга ишене бербешибиз керек. Алар бизди коргоп, чек араны Кыргызстандын кызыкчылыгына чечип берет деп ишенип алуудан алыс болушубуз шарт. Мисалы, мен аларга көп ишене бербейм. Анткени, орустардын стратегиялык кызыкчылыгы Тажикстанда жатат.