- Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бейпилдик күчтөрүн коюуну аймактык бирикменин жетекчилигине сунуш кылыптыр. Бул маселени чек араны ЖККУнун бейпил күчтөрү кайтарса жагдай жакшырат деген үмүт менен көтөрдүбү?

- Коргоо министринин кыргыз-тажик чек арасына ЖККУнун бейпил күчтөрүн коюу сунушу - тынчтыкты сактоо үчүн  убактылуу абалды жөнгө салып турууга берилди деп ойлойм. Бактыбек Бекболотов бул маселени  "чек ара маселеси чечилгенге чейин согуш кайра кайталанбасын, тажиктер  Кыргызстанга кирип келип, дагы агрессия кылбасын, элдин тынчтыгын бузбасын" деген максат менен көтөрдү.

- Астанадагы саммитте кыргыз-тажик чек арасын тактоого Орусия ортомчу болууга макул экенин билдирди. Ошондой эле Путин Москвада Советтер Союзунан бери сакталып турган архивдик документтерди берерин айтты. Москвада кыргыздар билбеген  карталар да болушу мүмкүнбү?

- Москвада тажиктерди ордуна коё турган документтер бар. Ошон үчүн биз өзүбүз муну демилгелеп жатабыз.