- Самсаалы мырза, Тажикстандын агрессиясы, атайын террористтик уюмдарды жалдаганы боюнча коомдо пикирлер арбын айтыла баштады.  Тажиктер неге террористтик уюмдарды жалдады? Алар эмнеге чындыкка дал келбеген маалыматтарды бергенди адат кылып алышты?

- Мен буга чейин дагы, кечеги жаңжалда дагы эки тараптын жөнөкөй жарандарынын жазган пикирлерин окуп аттым.  Менин жеке пикиримде, маселе биздин бийликте  же жөнөкөй жашаган тажик элинде эмес. Маселе - жеке Рахмондо. Ал өз бийлигин сактап калыш үчүн түркүн түстүү айла - амалдарды ойлоп таап колдонуп атат. Ал киши үчүн адам өлүмү бир тыйынга татыбайт. Тажик өлөбү, кыргыз өлөбү - бир тыйын. Эптеп ар кандай кутумдарды уюштуруп, керт башын бийликте сактап калса болду. Тажикстан Афганистан менен чектеш, Афганистандан акча үчүн баш кесер талаа командирлерин жалдап келип эки элдин ортосуна бүлүк салып коюш ал үчүн оңой эле нерсе. Кечээги сакалчан жүргөн немелер да ошолор деп боолголоп атам. Анан да Рахмондун колтугуна суу бүркүп, шыкактап, чоң саясий оюн кылгысы келген күч бар экенин, ал ким экенин дээрлик баарыбыз жакшы билебиз.  Ошонун баарын эске алганда, Баткендеги кечеги бир канча адамдын өмүрүн алган кутум - Рахмондун арам оюну.  Эки элдин ортосуна от жагып коюп, бир колу менен жалган маалымат таркатып элин алдап атат. Башында айттым го, Тажикстандын элинин дээрлик көбү маалымат айдыңында эркин эмес. Расмий бийлик тараткан маалыматка көз каранды жана ээрчиме. Ал жакта абал ошондой. Отуз жылдан бери бир диктатордун көзүн карап олтурушат. Артта калган жарандык коому да ошонун кесепетинен. Эркиндик жокко эсе. Кечээ согуш болуп атканда кызым мурун четте бирге окуган тажик курбу кызы менен байланышса, “Согушту Ташиев баштады да”, - дейт имиш. Кызым “Вы же первый начили нападать”, - десе ойлонуп калыптыр.  Демек, бул жерде жөнөкөй тажик эли бул согушка күнөөкөр эмес. Бардык акмакчылык жеке бийлигин сактап, бийликтеги күнүн узарткысы келген Рахмондо.