- Тажик тараптын кол салуусу акыркы убакта тездеп баратат. Буга эмне себеп болууда деп ойлойсуз?

- Дайыма чек арада жаңжал болгондо мага бир  шектүү  ой келе берет. Тажиктерди жөн жаткырбай  чагымчылдык кылган ортодо өзүбүздүн  арабызда жүргөн  бузукулар бар окшойт. Аларга элдин кереги жок. Эптеп эле тополоң кылып, элдин кыжырына тийип, элди тажатып азыркы бийликтин тынч койбой, айласын түгөтүп туруу иши жүрүп жаткан жокпу? Эл тынч жатпасын, бийликти жек көрүп калсын деген арамза план түзүп, тажиктер менен тымызын байланышып жаткандарды таап, жазасын бериш керек. Чек ара ишин жөнгө салыш үчүн Баткенге  бийлигине   жердин сырын, элдин менталитетин түшүнгөн  күчтүү  жигиттерден  дайындаш керек. Андан сырткары Айбалаев баш болгон аксакалдардын  тажрыйбасын, тажиктер менен көп жылдык достугун пайдалануу керек. Тажиктер менен өтө сак болуу керек. Эч убакта дилин бербеген эл. Уйкусураган жетекчи барса утулабыз.

- Сүйлөшүү жолу менен чечебиз деген аракетибизден майнап чыгабы?

- Менимче, сүйлөшүү  чиновниктердин эле арасында болуп калып жатат. Тажиктен келгени Душанбеге, кыргыздан барганы Бишкекке тарап кеткенден кийин жергиликтүү эл ошол бойдон калышып жатат. Ошондуктан, эки жактын эли менен иш алып барып, жеринде мамлекеттик иш-чара баштоо керек деп ойлойм. Бул чыр тажиктерге деле керек эмес болсо керек. Эң негизгиси өзүбүздүн арабыздагы бузукуларды, чагымчыларды табышыбыз керек. Бул өткөн бийлик менен байланыштуу. Убактылуу Өкмөт  эки элди чагыштырган жагынан тажрыйбасы бар. Ушуларды жакшылап текшериш керек. Бул менин жеке оюм.