Эң оболу сүйлөп жатканда туура сүйлөп, болгон ишти бурмалабай акыйкатты айтуу керек.

Бакиевдер качып кеткен эмес, өлкөнү таштап чыгып кетүүгө мажбур болушкан. Кыргыз элинин тынчтыгын ойлоп, УӨнүн "шакалдары" ар кандай ыплас иштерден кайтпашын сезип чыгып кеткен. Түштүк элин өзүнө чеп кылып, өзүн колдогондордон "республика" түзүп, раматылык атасынын короосуна таш түшүрүп, курал топтоп, качып кирээрге бункер орнотуп алса деле болот эле. Себеби, Бакиевди колдогондор жүз миңдеп чыгышкан.

УӨнүн айбандары Бакиевди колдоп чыгышкан алыскы райондордун адамдарын Жалал -Абадга өткөрбөй тосуп коюшкан. Мындай экенин ар бир кыргыз билет.

Андан соң, Бакиевди кимдин соттору соттогонун да эсибизден чыгарбайлы. Текебаев, Чотонов, Садыр Жапаровдорду кандайча соттогондорун, дал ошол соттор өз кесибине кыянаттык кылышкан Атамбаевдин кол бала соттору экенин да билебиз. Эми ошол арамза соттордун чечимин азыркы күндө айтып олтургандын өзү чоң күнөө болот. Кудай уруп, 20-30 жылдан, а түгүл өмүр бою деген чечимди оңой, соттолуп жаткан адамдар жок, адвокаттары катышпай эле чыгарышып салабы? Бул деген учуна чыккан акыйкатсыздык, мыйзамды уруп ойнобогондук эмеспи? Ошондой оор жаза алган адамдардын эмне кылмыш кылышканын кыргыз эли билиш керекпи?

Мисалы, Атамбаевдин санаса сан жетпеген кылмыштарынын ар бирин билебиз, жана ар бирине кеминде он жылдан ашык мөөнөт берилери да турган сөз, эгер акыйкат соттой турган болушса. ТЭЦ, музей, альтернативдик жол, "Датка-Кеминдеги" уурулуктар, Кыргызстандын кызыкчылыгын Кытайга өткөрүп берүү коркунучу, моюнга илинген очойгон карыздар, Дача- Су, Кой -Таштагы террордук башаламан, Үсөндүн өлүмү, 2010-жылдагы түштүк согушу, Батукаев, Кадыржан Баатыров бандасы менен өлкөдөн чыгып кетиши, бийликти узурпациялоо, Угандага вертолетторду сатып жиберүү, жазуучулар союзуна кол салуу, Белизгейт аферасы, "РуссГидродон" жеп койгон акча, мөңгүлөрдүн талкаланышы, экологиялык чыгымдарды кечип ийип канадалыкты колдогону, алтындан үлүшүбүздү 25% түшүрүп салганы жана башка толгон токой кылмыштарын билебиз.

Бакиевдин кылмышын санап беришсинчи? Эмне үчүн соттоп жатышат?

Бир гана аянтта каза тапкан 87 баатыр сөрөйдү айта көрбөгүлө. Алардын кандайча өлгөнүн, канча адам өлгөнүн, калган өлүктөр кайдан келгенин, Ата -Бейитке кимдер коюлганын жакшы билебиз.

Эгер эле, Бакиевдин бийлиги тараптан ок атылган күндө да Бакиевге бир грамм күнөө кое албайбыз. Мындай экенин мыйзамды билген, акыйкат сүйлөгөн, мээси иштеген ар бир адам билиш керек, айтыш керек.

Аракка абдан тоюп, колдоруна курал алып, алдынан чыккандын баарын талкалап, өрттөп Ак үйгө барган басмачылардын башына андижандыктардын күнүн салса аздык кылмак.

Биз аларды баатыр деп Ата -Бейитти булгап олтурабыз. Үй- бүлөсүнө, ата- энесине керек болбогон ошол селсаяктарды Чыңгыз Айтматовдой улуу инсанга теңеп койдук. Өлүгүн өз айылдарына алып кетпегендерди селсаяк дебей ким дейин? Ар бир кыргыз өз жакынынын өлүгүн өзү жашаган жерге алып барып, ата-бабалары жаткан мүрзөлөргө коюшат. Убак -сааты менен башына чыгып куран окуп жоктошот.

Өлүктөрдү эч ким алып кетпей, сасып кете турган болгондо, Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Сариевдер Ата- Бейитке коюшуп, өтө чоң кылмыш кылышкан. Бул үчүн да жооп беришсин. Андай болбосо, тарых бизди кечирбейт.

Сөзүмө кайтайын, дүйнөнү титиретип турган улуу державанын башчысы Путин өзү айткан: "Курманбек Салиевич! 7-апрелде аянтта болуп өткөн окуяда сиздин тырмактай да күнөөңүз жок", - деп.

Бүткүл кыргыз биригип келип талашсак да, мыйзамды Путиндей билербиз да...

Демек, Курманбек Салиевичке, жана анын жакындарына эч кандай күнөө кое албайбыз,свет өчтү, тезек тер деди, телефон тарифин 60 тыйын кылды дегенден башка.

Көчөдөгү жөнөкөй адам болсок да, эл билген мыйзамды, кимди качан соттош керек, кайсыл кылган кылмышы үчүн, канча жылга соттош керек сыяктуу юридический жоболорду жакшы билебиз.

Анда эмне үчүн Бакиев өз туулган жерине келбеши керек?

Бакиев бир күн да абакка кирбеши керек. Бакиевди как элдик лидер, эл сүйгөн экс -президент, иш билген инсан, бийик денгээлдеги дипломат, мырза киши катары сый менен өлкөгө чакырышыбыз зарыл. Акыйкатты тепсеген, бурмалаган, көргүсү келбеген бийликтин жолу болбойт. Акыйкат башкарган бийлик алтын тамгалар менен жазылып тарыхта калат.

Бакиевди алып келген бийлик, бул элдик бийлик боло алат. Себеби, Бакиев Курманбек Салиевич чыныгы элдик лидер болгон.

Бакиев эч кимден кызмат тартып албайт, эч кимдин казанына кол салбайт, элди бузуп артынан ээрчитип кетпейт, эч кимге зыяны жетпейт.

Болгону, туулган жерине, тууган-уругуна, куда-сөөк, дос тамырларына, күтүп жаткан элине келсин дейбиз.

Бакиевдердин сыртта жүрүшүнөн азыркы бийликке деле абийир келбейт, тем более президентибиз Садыр Жапаров өзү сыртта үч жыл жүрүп, туулган жерден алыс калган кандай экенин өз жон териси менен сезген адам болгон үчүн болсо да.

Ал эми Акаев келип, Бакиевдин келбей жатканы, азыр деле трайбализм өкүм сүрүп жатканынан белги берет.

Бакиевдин өз элине, туулган жерине келишин талап кылабыз.

Шамурза Борукулов, журналист