Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова соцтармактагы баракчасы аркылуу Камчыбек Ташиевди Эл баатыры болушу менен куттуктады жана бул тууралуу пикирин жарыялады. 

- Камчыбек Кыдыршаевич Ташиев “Эл баатыры” наамын алды. Бул тарых барактарына берилген баага болгон туура жыйынтык. Туура чечим. Алы- күчү барында жасаган эмгегин баалап, даңктап, барктап алуу милдет катары болуш керек. Бул бурулуш катары көптөргө стимул берет. Качан карыганча же көзү өткөнчө күтүп жүрбөй Камчыбек Кыдыршаевичке өз убагында берилди. Кыргыздын баатыры ушундай эле болот. Барпалаңдап, ден соолугун тобокелге салып, кайда болсо өзүнүн керектигин сезип эл арасында жүрөт. Президенттин чечкиндүү кадамына таазим.

"Көзү менен көргөндү көрбөгөн жеңет" болуп Ош окуясын көрбөгөн, ал убакта ал жакта болбогон адамдар ач кыйкырык сала бербегиле. Эмне анчалык күйүп - бышкандар, көрө албай, жанталашып, түн уйкусу бузулгандар көбөйдү. Атаганат качан жакшыны жакшы, жаманды жаман, акты ак, караны кара деп айтабыз. Акыйкатты бурмалап, жамандык издегендер, көрө албастыкты, кара өзгөйлүктү качан токтотобуз?! Качан ачуу чындыкты кабыл алып, кыргыздын мыктысын, жакшысын, эр азаматын көзүнүн тирүүсүндө, өз мезгилинде баалаганды үйрөнүп, жакшылыктан жамандык издегенди качан койобуз. Сөзсүз көзү өтүп кеткенде же эч нерсеге жарабай, көчүгүн көтөрө албай, карылыкка жетип калганда кыргыз кыргызга аргасыздан жакшы сөз айтып же наам бериш керекпи.

Камчыбек Ташиевге "Элдик баатыр" деген наамды карапайым эл он жыл мурун эле берип койгон. Болгону Президентибиз элдин каалоосун мыйзамдуу канааттандырып койду. Бул жараткандын буйругу. Жашоонун ачуу чындыгын моюнга алып, карт тарыхты тебелебей чындыкка тике карайлы. Кудайдын буйругусуз эч нерсе болбойт. Көрө албастар! Моюнга алгыла. Кудайдын тараза ташы тастыктап койду. Ош окуясын айтса так секирип, ач кыйкырык кылып, кайра, кайра түрдүү пикир тараткандар эсиңерге келгиле. Ош окуясы мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу, эгемендүүлүгү, элдин ынтымагы, биримдиги үчүн болгон окуя.

Ош, Жалал -Абад окуясында эч жерде иштебей жүргөн чыныгы мекенчил, мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу, элдин биримдиги үчүн жанын сайып лидерлик сапаты менен көч башында, алдыда жүргөн Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков, Садыр Жапаровдун эмгегинин орду өзгөчө. Аны эч ким талаша албайт. Бул үчөөнүн эмгегин ошол мезгилде мамлекеттик кызматта болуп, Ош окуясында кызматтык милдетин аткарган адамдар менен салыштырууга болбойт. Кызматта тургандар мамлекеттин аткаруучу солдаты катары кызматта өз милдетин аткарышты. Канчалык деңгээлде өз милдеттерин аткарды, ал башка маселе.

Тарых мезгили келгенде ар биринин баасын сөзсүз ордуна коюп,өз баасын тарых берет, буюрса. Ар кимдин атын айтып салыштыра берген болбойт.

Президенттин чечими эң туура чечим. Талкууга жатпайт. Ош окуясын көргөндөр, аралашкандар баары түшүнуп турат. Камчыбек Ташиевдин андан бери көргөн күндөрү, тарткан азаптары, Кыргыз мамлекетине жасап жаткан иштери ат көтөргүс. Ош окуясы эле эмес, учурда Кыргыз элине жасап жаткан эбегейсиз эмгеги калыс бааланды. Көп иштерин кызматына байланыштуу ачык айтууга мүмкүн эмес. Учуру келет, бизден кийинки муундар легенда кылып айтып, Камчыбек Ташиевдин ысымы тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылат, буюрса.

“Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасынын ыйгарылышы, “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин алышы карапайым элдин тилегинин орундалышы деп билели.