Эч бир кызматта жок, ошол эле убакта бийлик кызматына жетпей, парламентке өтпөй калып өздөрүн "оппозициябыз" дешип жүргөн бир топ бузукуларга да кошулбай тынч эле жүргөн Акматбек Келдибековго акыркы күндөрдө дагы асыла башташты, жугундукор шүмшүктөр.
Чындыгында, Келдибеков кандай гана кызмат болбосун майын чыгарып иштеп кете турган өлкөдөгү эң билимдүү жигиттердин бири.
Күчтүү адамды көрө албастык, каралап жаманаты кылуу, иштетпей бут тосуу - кыргыздардын айкыпас кесели экенине көзүм жетти.
Болбосо, акыркы отуз жылдагы кол аарчыдай алмашкан спикерлердин эң күчтүүсү Келдибеков болгон, эгер эле адамдык сапатыбызды жоготпой ачык айта турган болсок.
Ал турмак, тили бир кулач болуп, асфальт шыпырган Мадумаров да Келдибековдой спикер боло алган эмес.
Азыркы бийлик башындагылардын баары кантип өзүн алып жүрүштү, кайсыл жерде кандай сүйлөштү, дипломаттык өтө бийик касиетти Келдибековдон үйрөнүшсүн.
Өзүн сыйлаган адам сүйлөгөндө, элдин баары аны угуп жым болуп калышы керек. Келдибековдо ошондой касиет бар.
Акылбек Жапаров жалаң чабал, эл сыйлабаган, а түгүл көчө адамдарын кызматка алып, кадр маселесин боктоштуруп салды.
Эдил Байсалов, азыркы саламаттыкты сактоо министри Жаркынбек Касымбековдор көчө адамдары эмей кимдер?
Акылбек Жапаров жашыруун Атамбаевге кызмат кылып жатабы деген "смутное сомнение" дайыма жүрөктү өйүп келет. Атамбаевдин маалында дайыма колтугунда жүрбөдү беле. Атабаевдин убагында байып алганы жалганбы?
Президент ушул нерсеге көңүл бөлүп койсо болмок. Мүмкүн колтугуна кара чаар жыланды киргизип жүргөндүр? Бардык кеткен президенттер жаман да, баары менен иштешкен Акылбек жакшы болуп калат деген сөзгө башымды кесип алса да ишенбейм.
Келдибеков Акылбек Жапаровдон миң эсе жогору өкмөт болуп иштеп бермек.
Мамлекетти ойлогон башчы, келечекти көрө билген көсөм ажо, акыйкат башкарам деген президент жеке мамилени унутуп, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн Келдибековдой күчтүү кадрды иштетиш керек. Келдибековдун сыртта калып кетиши, Бакиевдин өлкөгө келбей жатканындай эле көйгөй болуп, бизди ар кандай күмөндүү ойлорго түртүп жатат.
Эки жылдан бери айта берип тил тешилди, бирок кулак салган адам жок.
Шамурза Борукулов, журналист