"Кырк Чоро" кыймылынын активисти Замир Көчөрбаев соцтармактагы баракчасына Адахан Мадумаров буга чейин Элдик курултайды колдоп келип, эми каршы чыгып жатканы тууралуу жазды. Аны менен катар Мадумаровдун Курултай тууралуу пикири чагылдырылган сүрөттүн үстүнө "ит экенсиң" деп жазып жарыялады. 

"Эсимде мындан он жыл мурда Элдик Курултай кыймылын түзүп, облустарда курултайларды өткөрүп жүргөнбүз. Бир күнү А.Мадумаров чакырып, Бишкек шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүндөгү кеңсесине бардык. Бизде жакшы кабыл алып, ишибизге ийгилик каалап, колдоорун билгизип, "Курултай керек, курултай системасы  кирбесе өлкөнүн оңолушу кыйын", -деп жана башка тарыхтан мисалдарды келтирип, Курултай жөнүндө  көп сөздөрдү айтып бизди жылуу - жумшак узатты эле. Эми минтип "Курултай мамлекетти кыйратат" деп жатканына айран таң калдым. Курултай системасы - кыргыз элин кылымдап сактап келген эркиндиктин туу чокусу болгон система экени талашсыз. ( Манас эпосу, андан берки тарых барактарына же башка түрк тилдүү элдердин тарыхтарына көз чаптыргыла). Кызыгы башынан бийликке каршы үндөгөндөр бүгүн  Курултайга да каршы үндөгөнү. Балким, эл арасынан бир активисттер бул системаны көтөрүп чыкканда, мүмкүн учурдагы  каршы тараптар да колдоп чыгышмак. Чындыгында алар Курултайга эмес,  С.Жапаров, К.Ташиевге каршы экенин өздөрү билсе да, арамзаланып келишет", - дейт Замир Көчөрбаев.