Президент С.Жапаров ѳзүнүн акыркы посту менен Жетим-Тоо кенине байланыштуу талашып-тартышууларга убактылуу болсо да чекит койду. Убактылуу дегеним, Жетим-Тоону иштетүү маселеси кайрадан күн тартибине чыгат. Президенттин да ѳз билгени бардыр, азырынча иштетилбей турганын айтты. Бирок эртеби, кечпи Жетим-Тоо кени иштетилиши керек. Президент С. Жапаровдун маалында болбосо, кийинки президенттердин тушунда. Бул жѳнүндѳ Атамбаевдин да, Жээнбековдун да убагында жазгам, дагы бир жолу пикиримди айтсам ашыкча болбос.
Тилекке каршы, акыркы учурларда кѳп маселелер аркы жээк, берки жээк, оппозиция, позиция деген ѳңүттѳрдѳн гана каралып, натыйжада экономикалык, стратегиялык маселелерди деле кѳчѳ саясатына айландырып жибердик. Бийликтегилер, аны колдогондор иштетүүнү колдошсо, берки жээктегилер менен оппозицияда жүргѳндѳр «иштетилбеш керек, экинчи Кумтѳр пайда болот» дешсе, ал эми өздөрүн активист эсептегендер коомдогу ордуларына жараша бийликтин иш-аракеттерин, чечимдерин сынга алып, каршы болуп турушубуз керек деп гана түшүнүшѳбү, айтор алар дагы Жетим-Тоонун иштетилүүсүнѳ каршы болушууда. Бул ѳңүттѳн алганда, бизде маселеге калыс, жалпы ѳлкѳнүн, элдин кызыкчылыгынан чыгып баа берүү болбой жатат. Жетим-Тоону иштетүүгѳ каршы болуп жаткандар эгерде саясий конфигурациялар ѳзгѳрүп, кандайдыр кызматтарга барып калышса, оппозициядан позицияга өтүшсө, бүгүнкү айткандарынан кайтышып, Жетим-Тоону иштетиш керек деп чыгышат. Мен муну бѳркүмдѳй кѳрѳм. Айтты, койду дебегиле…
Жетим-Тоо иштетилиши керекпи, жокпу деген маселеге келсек, ал иштетилип, аны менен экономика кѳтѳрүлүп, бюджет толтурулуп, элдин турмушу жакшыртылышы керек. Азыр биздей мамлекеттер алтын, темир кендерин иштетип аткан чакта «суу кечпеген» ар нерселерди айтып, иштетүүгѳ каршы болуп, аны кыжылдамайлардын шылтоосуна айлантып олтура бергендин ѳзү түркѳйлүк. Экономиканы ѳнүктүрүүгѳ, бюджеттин киреше булактарын кѳбѳйтүүгѳ башка кайсы альтернатива бар? Эгерде Жетим-Тоо иштетилсе, республикалык бюджетти түзүүчү чоң ишканага айланат, Нарын облусунун, райондун социалдык инфратүзүмдѳрүн, экономикасын жакшыртууда аябагандай чоң роль ойномок. Миңдеген адамдар жумуш менен камсыз болмок.
Экологияны бузат, элдин саламаттыгына зыян деп атышат. Азыр илим жана технология ѳнүгүп, тоо кен тармагында зыяндарды минималдаштыруучу заманбап технологиялар колдонулат. Ошондой технологияларды колдонуу менен кенди иштеткенге неге болбосун? Бардык иштетилген кендердин кайсы бир деңгээлде зыяны болот, ансыз кендерди иштетүү мүмкүн эмес. Чынын айтканда, кѳмүр казып алуу деле аябагандай зыян. Бишкектеги миллиондон ашкан авто унаалардан, Бишкек ЖЭБинен, башка ѳндүрүш объектилеринен чыккан түтүндѳр адам ден-соолуктары үчүн 10 эсе зыян. Жетим-Тоодон андай зыяндар болбойт. Темир кенин иштетүүдѳ алтын кениндей ашкере уулуу, зыяндуу заттар колдонулбайт. Ошондуктан Жетим-Тоо кени иштетилсе эле экологияны кыйратып жиберет деген жѳн эле апырткандык. Бул маселеде дүжүр экологдордун эмес, компетенттүү адистердин пикирлери гана эске алынышы кажет!
Айрымдар ата-бабаларыбыз Жетим-Тоону сактап келген, биз да ага кол тийгизбей кийинки муундарга ѳткѳрүп беришибиз керек дегендей, сандырактаган сѳздѳрдү айтып атышат. Ата-бабаларыбыз жок дегенде кѳмүр жакканды билбесе, темирди кайдан иштетмек эле. Ал жерде темир кени бар экенин деле кѳпчүлүгү билишпеген болуш керек. Эгерде билишсе, Жетим-Тоо дебей эле Темир-Тоо деп аташмак. Азыр технологиялар абдан ѳнүгүүдѳ. Кѳп жерлерде бир убакта ѳндүрүштүн наны деп эсептелген кѳмүр иштетилбей деле калды. Темир кенин убагында иштетип калбасак, кийинчерээк жасалма темирлер чыга баштаса, же башка технологиялар табылса, темир кендеринин кереги деле жок болуп калат. Ошондуктан ар нерселерди айтып отура бербестен, темирди кызуусунда согуш керек.
Жетим-Тоо кенин колдон чыгарбашыбыз керек деп жатышат. Туура, кенди инвесторлорго бербестен насыя алып, ѳзүбүз иштетсек максатка ылайыктуу болот. «Ѳзүбүз иштете албайбыз» деген былжырак кептер. Центерра да Кумтѳрдү иштетүү үчүн 400 млн. доллар кредит алган, ѳздѳрүндѳ жок адистерди сырттан чакырып иштетишкен. Кыргыз ѳкмѳтү деле ошенткенге неге болбосун?! Кенди инвесторго бергенде кандай болорун кѳрүп, оозубуз күйүп деле бүттү. Кенден түшкѳн кирешенин арзыбаган бѳлүгү бизде калып, калганын инвестор алып кетип калат экен. Эгерде Жетим-Тоону ѳз күчүбүз менен иштетсек, адистердин, профилдик жетекчилердин катмары пайда болуп, калган кендерди ѳзүбүз иштеткенге да мүмкүнчүлүк түзүлмѳк.
Ооба, Кумтѳр кенин канадалыктарга берип, «сүткѳ оозубуз күйүп, айранды үйлѳп ичип» калдык. Бирок ар бир катачылыктан, жаңылыштыктан сабак алышыбыз керек! Жетим-Тоону иштетсек, Кумтѳрдүн тагдыры кайталанат деп отура берсек, анда экономиканы кантип ѳнүктүрѳбүз? Колубуздагы чоң кенди жалпы элдин, ѳлкѳнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип, анын пайдасын кѳрѳ албасак, анда биздин келечегибиз кандай болот? Качанга чейин кѳлѳкѳбүздѳн да коркуп, чочулап отура беребиз?
Ток этерин айтканда, Жетим-Тоо иштетилиши зарыл. Болгону мамлекет кенди күрѳѳгѳ коюп, сырттан насыяга акча алып, ѳз күчү менен иштетиши керек! Кыргызстандагы кудай берген табийгат байлыктарын ѳзүбүз иштете албасак, анда кайдан, кантип, эмненин эсебинен ѳнүгѳбүз? Же колубуздагыны эптеп иштете албай, иштетем дегенге бербей, «чѳп кайтарган иттей» болуп жарыбай отура берген жакшыбы?!
Мирлан Дүйшөнбаев