УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев кайрадан үн салды. Бул жолу Жетим-Тоону каздырууга каршы болуп, бийликке бул жаатта бут тоолорун, ачык айтканда элди кошо каршы үгүттөөрүн моюнуна алды.
Жетим- Тоо бүгүнкү Кыргызстандын бакыбат жашоого жетүүчү негизги куралы. Бул боюнча Садыр Жапаров премьер- министрдин милдетин аткаруучу болуп турганда эле өлкө экономикасын көтөрүүнүн жолу катары аталган кенди айткан. Кыргызстанда нефти жок, болгон жаратылыш байлыгыбыз ушул кендер. Келечек муундун өнүккөн өлкөдө жашашын кааласак буга макул болушубуз керек.
Ал эми Абдил Сегизбаев тууралуу кеп башка. Ал кыргызга күйгөнү үчүн Жетим- Тоонун иштетилишине каршы болуп жаткан жок. Ал бийликти колдон алдырганына күйүп, күйүтү эки жылдан бери басыла элек.
Өзү УКМК башчысы болуп турганда бул патриоттуулугу кайда эле? Бийликке каршы үн каткандарды чекесине камап, ал тармак балдары, бир туугандарына чейин жасалма кылмыш ишин ачканы унутула элек. Ошол убакта эл үчүн күйсө өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабайт эле да. Бир гана "Белизгейти" укумдан тукумга "легендага" айланып калмак болду. Оппозициялык маанайдагы үч депутат - Шыкмаматов, Салянова, Текебаевди жаманатты кылам деп коомчулукка жалган документ көрсөткөн. Башка уяттуу адам болгондо калпы чыккандан кийин үн чыгаргандан тартынып калмак. А бул болсо "кар жаады, из басылды" дейби өзүнүн тирүү экенин билдирип, болбогон пикирин билдирип коюп атат. Сегизбаев кылган ишине жооп берээрин билип алдын ала "саясий куугунтук" болоорун жар салды эле, ага көңүл бурган адам болгон жок. Эми Жетим-Тоо аркылуу элди Бийликке каршы үгүттөө, кылымдын алдамчысынан "кылым баатыры" болууну каалап жатат.