Акыркы учурда Кыргызстанда жаңы "оппозиция" пайда болду. Ал өлкөнүн ар кайсы аймактарына барып, бийликти сынга алып, жаштардын колдоосуна ээ болууга аракеттенүүдө. Арасында генерал-лейтенант Исмаил Исаков бар. Бирок ал башка "оппозиция" деп аталган кесиптештери сыяктуу эле кристалдай таза репутацияга ээ эмес. Бийликти жаманатты кылууну өтө каалагандары менен шкафтагы "скелеттери" жетиштүү. Билдирүүлөрү менен электоратка  ойногон Исаков ага ачык мисал. 

Бакиевдин жакын санаалашы

Өз убагында ал Бакиевдердин кланына жакын гана эмес, өтө жакын санаалаш, пикирлеши дагы болгон. 24-мартта Бакиев жана башка оппозициянын лидерлери менен чогуу Бишкектеги өкмөт үйүн басып алышкан. Ага ыраазычылык катары Исаков 26-мартта эле коргоо министрине айланган. 

Бирок тарых көрсөткөндөй, Исаковдун бийлик өкүлдөрү менен достугу дайыма алардын өзүнө ийкемдүү мамилеси жана бийик даражадагы кызматтардан гана көз каранды болуп турган. Ушундай позициясынын аркасында убакыттын өтүшү менен Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге, Алмазбек Атамбаевге, а азыр Садыр Жапаровго оппозиция болуп жатканы таң калыштуу эмес. 

Батыш бизге жардам берет

Саясий ишмердүүлүгүнүн учурунда Исаковго батышчыл саясатчы деген макам бек жармашты. Бакиевдин убагында КР коргоо министри болуп турган убагында, өлкөнүн аскер мекемеси ЖККУ боюнча союздаштарга караганда НАТО менен байланышка көп көңүл бурган. Муну байкагандан кийин бийлик союздаштар менен мамилени бузгусу келбей, Исаковду Коопсуздук кеңешинин башчылыгына алмаштырууну чечкен. Генерал өлкөнүн коргоо жөндөмүнө байланыштуу маселеге реалдуу таасирин айрылаарына көзү жеткенден кийин кызматтан бошотуу тууралуу кезектеги рапортун жазган. Андан соң дароо өзүнүн "жем берүүчүсү" Бакиевди үй-бүлөлүк-кландык системаны орнотууга айыптап чыкты. Так ушул бийлик тушунда өзүнүн негизги капиталын топтогонун унутту. 

Эксперттердин айтымында, Исаков баарына өзү жеткендерден эмес. Анын карьералык тепкичтен тез көтөрүлүүсү жогору жактын колдоосу менен ишке ашкан. Жогорку кызматка жеткен башка аскер адамдарынан айырмаланып, Исаков саясий оюндарды тез өздөштүрдү жана "эл кызыкчылыгы жана акыйкаттуулук үчүн күрөшкөн жоокердин" имиджин орнотууга басым жасады. Учурда ал башка "оппозиционерлер" менен биргеликте калыптанган схемада, ошол эле батышчыл оюнчулардын жүзүндөгү "заказчиктердин" колдоосунда жүрөт. Бул таң калыштуу эмес. Көпчүлүк эчак эле Исаков мекенине эмес, башка өлкөгө иштеп жатканын билип калышкан. ММКдагы маалыматтарга караганда, анын уулу бир убактарда АКШнын борбордук командачылыгынын алдындагы антитеррордук коалиция борборунда кызмат өтөгөн. Ошол убакта ал Кыргызстанда атасы аркылуу кандай тапшырмаларды аткарганын божомолдоого болот. Бейөкмөтчүлөрдүн жана АКШнын колдоосу менен Руслан Исаков чет өлкөдө саясий кыймылды уюштуруу боюнча кампанияны баштап, аны ал убактагы президент Курманбек Бакиевге каршы бурган. Мунун баары Кыргызстандын орусиячыл багытын өзгөртүүнү каалаган батыштык каржылоонун активдүү колдоосу менен ишке ашты.

Бийлик менен симбиоздон оппозицияга чейин

Саясий "кызматтар" вагонуна секирүүгө Исаков Атамбаевдин учурунда да аракеттенген, бирок жыйынтыгы болгон эмес. Чындыгында, ал ар бир жаңы бийликтин тилин табууга умтулган, планы ишке ашпай калгандан кийин оппозициялык ишмердүүлүккө ооп, сын айтууга киришкен. Бул учурдагы бийликке да тийиштүү. Балким, бийлик "генералдын" туруксуздугун байкап калып, андан алыс болууну чечкендир? 

 "Сындап - сунушта" деген макал бар. А саясатчы Исаков сынына жараша сунуш айта албайт, саясатчы болуп жүргөн жылдар ичинде бир гана олуттуу нерсе демилгелебеген. Чек ара боюнча дагы. Болбосо депутат болуп турганда, бул теманы жакшы эле саймедиреген. Анткени, сын менен элден саясий упай топтоо оңой. Буга чейин ушундай болчу. Азыр электорат кырдаалды түшүнүп, оппозициянын кайырмагына түшкөндү токтотушту. Буга Талас облусуна барышкандагы көрүнүш күбө. 

Шкафтагы скелеттер жана эски схема

Ушул позициясындагы Исаковдун репутациясы идеалдан өтө эле алыс. ММКлардагы билдирүүлөргө караганда, Бакиевдин убагында ал аскер казармаларына тийиштүү жерлерди жеке тараптарга сатып жиберүүгө шектелген. 2010-жылдын 7-апрелиндеги революциядан кийин түштүктүн генерал-губернатору ролуна абдан берилип кеткендиктен, Убактылуу өкмөттөгү башка "кесиптештери" менен биргеликте саясий интригалары Ош окуясына алып келди. Ал аз келгенсип, 2010-жылы депутаттык мандат үчүн "Азаттык" партиясын таштап, бир дагы мүчөсүн албай, өзү жалгыз Атамбаевдин КСДПсына кетип, тизмени баштап берди. Ал эми 2018-жылдагы президенттик компания учурунда мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду активдүү колдогондордун арасынан көрүндү. 

 "Мына ушундай - мамлекетти башкара алган, катачылык кетирбеген, ар бири менен тил табышкан, башка бирөөнүн эмгегин баалаган, улууларды, жаштарды урматтаган, келечек муунга кам көргөн адам гана президент болушу керек. Мага мамлекеттик кызматтардын бардык тепкичтерин басып өткөн Сооронбай Жээнбеков гана жагып жатат", - деген ошондо Исмаил Исаков. 

Учурда Исаков дагы кызматтан четте калды, кайрадан Равшан Жээнбеков менен чогуу Кыргызстан менен Вашингтондун ортосунда ойноп баштады. Алар эчактан эле америкалык акчанын ийнесине сайылып калышкан. Аларга берилген тапшырма бирөө эле: эски схема боюнча элди бийликке каршы тукуруу. Бирок үч революция элди анализдөөгө үйрөттү, ошондуктан, Исмаил Исаковго окшогон адамдардын жалгыз максаты - бийликти алуу экенин жакшы түшүнүп жатышат. 

 

vb.kg сайтынан алынып, которулду