Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова учурда бийликке сын айтып жаткан саясатчылардын 30 жылда жасаган "эмгеги" тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады: 

- Акыркы күндөрдө эл аралап,карапайым адамдар менен жолугуп жүрөм. Карапайым адамдардан "айтпайсыңарбы, кой дебейсиңерби",- деген сөздөрдү көп угуп, элдин кызы, элдин өкүлү болгондон кийин, аргасыздан жекече пикир калтырууга мажбурмун.

Саясатчымын, мамлекетчимин, коомдук ишмермин деп, ж.б. түрдүү аттарды өздөрүнө өздөрү илип алып, өздөрүн билерман сезип жүргөн айрым мырзалардын кулагына күмүш сырга!

Кыргызга сырткы душмандын кереги жок. Кыргызга кыргыз душман. Ички душмандык, көрө албастык  кылгандар жетиштүү. "Кыргыздан жакшы деген сөздү угуш үчүн өлүп, кулагың укпай, көзүң көрбөй сулайып ортого жатып бериш керек" деген сөздүн чындыгы бар.

Акыркы убактарда  ММКлар аркылуу эки экиден акыйнек айтышып, ит - мышык болгон эркектер таң калтырып жатат. Токтоткула мындай акыйнекти, мырзалар!

30 жылдык мөөнөттө ар бириңдин салымың бар. Кимиң кыйраттың? Кыйратсаңар азыр эл итке минип жашамак эмес. Элдин күчкө толуп турган катмарынын үчтөн бир бөлүгү талаага нан издеп чыгып кетмек эмес. Жок дегенде бар завод, фабрика иштеп турмак. Чек аралар такталып, чымчык өтпөс болуп тосулуп, дарбазабыз курулмак. Кыйын болсоңор чек арадагы делимитация, демаркация иштерин бүтүрүп койбойсуңарбы! Силер өз учурунда милдетиңерди так аткарып койсоңор кошуналар менен жаңжалдашпай тынч жашамакпыз. Эл чочулабай, тынч уктап жашамак. Бардык нерсе талкаланмак эмес. Кредит, процент деген нерсени билмек эмес. Бар нерсени талкалап, сатып, бөлүп, менчиктеп, жок кылып, кайра курбай басып жүрдүңөр. Жаңы нерсе курбадыңар! Демократияңар ушулбу?! Бейбаштыкты, абийир төкмөйдү, чукулаганды, митинг уюштуруп, плакат көтөрүп көчөгө чыкканды үйрөттүңөр. Бакыргандардын куру сөздөн башка элге кылган бир жакшылыгы жок. Кудай күбө. Тарых тастыктайт.

 Бийлик талашып, иштете койбой, "мен кыйынмын" дегенден абийиир таптыңарбы?! Үч жолу төңкөрүш жасадыңар. Жыйынтык чыгарбайсыңарбы! Ошончо адамдардын төгүлгөн кандары, садага чабылган бей- бечаранын балдары аздык кылып жатабы. Сөзсүз бийлике келиш керекпи?! Бийликке келбей, бийлик талашпай эл баккан азаматтар толтура. Эл тынса да "Телибай тентек тынчыбайт" болуп, 20, 30 адам 30 жылдан бери тынбады. Жакшылыкты эч көргүсү келишпейт. Жакшылыктан жамандык издешет. Ишенишпейт. Жакшылыкты да жамандыка жоорушат. Башкаргыла, өнүктүргүлө деп 30 жыл эркектерге мүмкүнчүлүк бердик. Эптей алышпады. Бакырып жүргөн 20, 30 адам бийликтин бардык мезгилинде аралашып жүрүштү. Эч нерсе жасашпады. Талкалашты, сатышты, уурдашты,байышты,менчиктештиришти. Чет өлкөлөрдөн кыймылсыз мүлктөрдү алышты. Бизнестерин жолго салышты. Эгерде териштирип келсе бакыргандар бириң да таза чыкпайсың. Андан көрө тагдырга там берип, чогулткан, уурдаган ,топтогон акчаларыңарга өндүрүштөрдү уюштуруп, жумушчу орун түзүп, мамлекетке жардам бергиле.

Болду эми сабыр кылгыла. Кудайдын берген 5 жыл мөөнөтү бар. Иштешсин. Убадаларын аткарышсын. Бийликтен отчет алчу, сурап алчу мезгил өзү келет.