Ушул жылдын башынан бери президент Садыр Жапаров төрт иш сапары менен чет мамлекеттерге барып келди. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 3-4-февралда президент Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу, ошондой эле бир катар эки тараптуу маселелерди талкуулоо үчүн Кытайга барган. Сапардын жыйынтыгында алты келишимге кол коюлду.

19-21-апрелде президент Азербайжанга расмий сапар менен барган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация кабыл алынып, 20 эки тараптуу документтерге жана макулдашууларга кол коюлду.

15-16-майда Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына арналган ЖККУнун саммитине катышты.
17-майда Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болуп, БАЭнин башчысы шейх Халифа бин Заид Аль Нахайян менен коштошуу зыйнатына катышты.