21-июлда Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусу болду. Ага Казакстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттери келишти. 

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев аймактын мамлекет башчылары жолугушуп, көзмө көз сүйлөшкөнү туура болду деп эсептейт. 

"Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн башчысы жолугуп, көзмө-көз сүйлөшүп алганы өтө маанилүү. Аймактык эле эмес, геосаясий мааниси бар окуя. Мындай жолугушуу тез-тез болуп, эки-үч же толук беш өлкө форматында өтүп туруусу абдан дурус болот. Өз ара түшүнүү болсо көйгөйлөр аста-аста чечиле берет", - деди Эмилбек Каптагаев.