- "Бийликке сатылгандар башка камырдан жасалган",- дедиңиз эле. Канат Исаев мырза, сиз өзүңүз кайсы камырдан жасалгансыз?  Бүгүн келинчегиңиз шайланып  келип, ЖКда вице-спикер болуп отурат. Өзүңүз оппозицияга ыктадыңыз. Ортодо талтайып калбайсызбы? Же “эски дос эстен кетпейт” деп, кечээ Таласта өткөн оппозициянын жыйынына Бабановдун тапшырмасы менен бардыңызбы? “Эки тоонун чөбүн эңсеген... арам өлөт” деген кыргызда жакшы накыл кеп бар.

Булак: “Майдан. kg” гезити