Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусун ачык деп жарыялады. Ошондой эле, бүгүнкү диалог ийгиликтүү жана натыйжалуу болуп, бардык актуалдуу маселелерди талкуулоого жана аларды чечүүнүн жалпы жолдорун табууга мүмкүндүк берээрине ишенерин белгиледи.
Мамлекет башчы Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо боюнча иштер улантылып жатканына токтолду.
"Биз саясий эркибизди көрсөтүп, бул чек араларды тынчтыктын жана бакыбатчылыктын аймагына айландыраарыбызды белгилеп кетким келет. Фергана чөлкөмү чыныгы оазиске айланат", - деди мамлекет башчы.
Садыр Жапаров белгилегендей, суу ресурстары климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кайтарылгыс болуп азайып баратат. Бул бардык аймактардагы азык-түлүк коопсуздугуна чоң тобокелчилик жаратат.
"Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнө суу ресурстарын сактоо жана бөлүштүрүү үчүн тийиштүү компенсация албады", - деди мамлекет башчы.