Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин оппозиция өкүлдөрүнө берген эскертүүсү тууралуу пикирин билдирди.

- Манастын улуу журту азыр кырга чыккандай сезилип турат. Кырдын эки капталы бардыгын жакшы билебиз. Бүгүнкү күндө өлкөбүз  булуң-бурчунда кайнаган курулуш иштери жүргөн курулуш аянттарына айланып калды. Көптөгөн жумуш орундары түзүлдү. Социалдык төлөмдөр, айлык акылар көбөйдү. Эмки маселе – кырга чыгып алгандан кийин эки жагына ооп кетпей, түз басып, ойлогон ой, көксөгөн максаттарыбызга жетишибиз керек. Бул ниетти баарыбыз карманып, ишке ашырууга шымаланып билек түрүп турабыз. Ушундай мезгилде элибизге ыймандуулук, тынчтык, биримдик абдан зарыл. Эзелтен кыргыздын бир өзгөчөлүгү бар – кыйын кезде биригип кетебиз. “Чындык муштумун түйүп туулат” деген накыл кебибиз бар. Мына, ушул ниетте, элдин тынчтыгын, коопсуздугун камсыз кыла турган тийиштүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилери иш аракеттерди ийги алып барышууда. Кээде мамлекеттин тынчтыгы бир гана генерал Камчыбек Ташиевге керектей, кээде ал киши жалгыз калгандай сезилип кетет. Бирок андай эмес. Эл акындар, жазуучулар, коомдук ишмерлер үн салып, элди ынтымакка, биримдикке чакыра башташты. Бизде бир гана тилек болуу керек, ал – кырга чыгып алгандан кийин омоктуу, улуу көчүбүздү кыйшайтпай улап кетсек экен!

Нарктуу, уюткулуу журт экенибизди эсибизге салып, ынтымакка умтулуп турган кезде Камчыбек Ташиевдин эскертүүсү – мамлекетти, элибизди ойлойлу, алдыга жылалы деген үндөө экенин баса белгилейм.