- Артур Капарович, казино боюнча мыйзам Жогорку Кеңештен колдоо тапканы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Эмнеге коомчулук бул мыйзам долбооруна каршы чыгууда деп ойлойсуз?

- Негизи  Кыргызстанда казино биринчи эмес, экинчи жолу ачылганы жатат. Биринчи жолу ачылганда бардык жарандар үчүн ачык болчу. Ким кааласа ойночу. Бирок салыкка канчалык салым кошкону боюнча так цифралар эч жерде айтылчу эмес.

Азыркы кыргыз бийлиги казинолор туризмди өнүктүрүү максатында чет элдиктер үчүн гана ачыла турганын айтышып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган чуулуу мыйзамды тез арада кабыл алып коюшту. Ошон үчүн сындар айтылып жатат. Негизи өкмөт казинолор иштесе кандай болоору  боюнча элге так маалымат берсе мынчалык каршылык жаралмак эмес.

Элге түшүндүрүү иштери жетиштүү болбогондуктан, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Ошондуктан өкмөт тез арада казино боюнча чыккан мыйзамды колго алып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

- Ошол эле учурда “казино арам, андан түшкөн каражат да арам болот” деген пикирлер бар. Буга кошуласызбы?

- Коомчулукта “казино арам, андан түшкөн каражат да арам” дегендер көп болуп жатат. Бизде шариатка туура келбейт деген  тамеки жана спирт ичимдиктерин чыгарган заводдор бар. Пайызга акча берген банктар, лотерея ойноткон ишкерлер бар. Алар төлөгөн салыктар да бюджетке түшөт. Бюджетке түшкөн каражат пенсия, пособиеге жана айлык маянага бөлүнөт. Казино да ушулар сыяктуу эле бюджеттин толушуна салым кошот деген пикирдемин.

Эгер арак дагы арам болсо, анда аракты өндүргөн заводдорду да жабыш керек деген маселе жаралат. Бирок бюджетке салым кошуп, элди иш менен камсыз кылган заводдорду арам деп жаба берсек, салык жыйноо, бюджетти толтуруу кыйынга туруп калат да.

Негизи, казино маселесин айрымдар  чоң саясатка айлантып жиберишти. Туура, туура эмес маалыматтарды айтып, коомчулуктун башын айлантып салышты.

- Айрымдар “мусулманчылыкты туу туткан мамлекеттерде деле казинолор бар” деген жүйөнү келтирип жатышат?

- Ооба, мусулманчылыкты катуу кармаган мамлекеттерде деле казинолор бар. Эгер казинодон түшкөн каражаттар арам болсо, Сауд Аравиядагы, Пакистандагы, Түркиядагы казинолор иштебейт эле да... Алар да бир нерсени билгени үчүн иштетип жатышса керек.

- Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбү намаз окуса да бул мыйзамды кабыл алышты деп таң калгандар  көп болуп жатат го?

- Жогорку Кеңештин депутаттары да кумаркана кыргызстандыктар үчүн эмес, чет элдик жарандар үчүн ачылып жатканы үчүн колдошкондур. Себеби, бюджетти толтуруу үчүн өкмөттүн келтирген жүйөсүнө ынанышкандыр.

Депутаттар да «казинолор  иштесе салык да түшөт, бюджет да толукталат, инвесторлор келет» деп ойлоп, анан макул болушса керек.

Анткени, бул жолу казинодо ойнолгон каражаттар көмүскө эмес, ачык болот. Казино иштеткен адам казино ойнотпосо дагы ай сайын көрсөтүлгөн салыкты төлөйт.  

- “Казинолор иштесе криминалдар көбөйөт, чет элден келген акчалар легалдашат. Бюджет толгону менен ушуга окшогон көйгөйлүү маселелер да жаралат” деген маалыматтар айтылууда. Мунун чындыгы барбы?

- Туура, казинолор иштеп баштаса, кумаркана ачкан ресторан, мейманканаларды «крышевать» эткен криминалдар да, күч органдарынын өкүлдөрү да пайда болот. Ошондой эле, кумарканалар аркылуу чет элден келген акчалар да легалдашат. Кыскасы, кумаркана бюджетти толтурат дегенибиз менен  мындай маселелер да жаралат.

- Министрлер Кабинети кыргыздар жаңы мыйзам боюнча кумарканага кире албайт деп  ынандырып жатышат. Бирок “биздин эле жарандар башка мамлекеттин паспорттору менен келе берет” деген ойлор да жок эмес?

- Убагында иштеш үчүн Орусияга, Казакстанга чыгып кеткен чет элдин паспорту бар кыргыз жарандары казиного  ойногону келе бериши мүмкүн. Негизи, казинону аэропорт жакка курушса болмок. Казино ойноого келгендер шаар аралабай, самолёт менен келип ойноп, кайра самолёт менен кете беришмек. Тилекке каршы, андай болбой калды окшойт.

- Мыйзам 5 жолу добушка коюлуу менен кабыл алынды. Эми жоопкерчилик кимде болот?

- Эң чоң жоопкерчилик казинолордон салык жыйноочу, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү органдарда болот. Баары таза иштесе мамлекет мамлекет казинодон чоң пайда табат. Эгер баарын көзөмөлдөй алышпай калса, казинолордо криминалдык иштер болуп кетиши да ыктымал.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити