- Артур Капарович, казино боюнча мыйзам Жогорку Кеңештен колдоо тапканы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Негизи  Кыргызстанда казино биринчи эмес, экинчи жолу ачылганы жатат. Биринчи жолу ачылганда бардык жарандар үчүн ачык болчу. Ким кааласа ойночу. Бирок, салыкка канчалык салым кошкону боюнча так цифралар эч жерде айтылчу эмес.

Азыркы кыргыз бийлиги казинолор туризмди өнүктүрүү максатында чет элдиктер үчүн гана ачыла турганын айтышып, коомчулукту дүрбөлөңгө салган чуулуу мыйзамды тез арада кабыл алып коюшту. Ошон үчүн сындар айтылып жатат. Негизи өкмөт казинолор иштесе кандай болоору  боюнча элге так маалымат берсе туура, мынчалык каршылык жаралмак эмес.

Элге түшүндүрүү иштери жетиштүү болбогондуктан, коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда. Ошондуктан өкмөт тез арада казино боюнча чыккан мыйзамды колго алып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек.

- Коомчулукта айтылып жаткан пикирлердин арасында казино арам, демек, андан түшкөн каражат да арам деген ой бар. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

- Ооба, казино арам, андан түшкөн каражат да арам дегендер көп болуп жатат.  Бизде шариатка туура келбейт деген  тамеки жана спирт ичимдиктерин чыгарган заводдор бар. Процентке акча берген банктар, лотерея ойноткон ишкерлер бар. Алардан түшкөн салыктар да бюджетке түшөт. Бюджетке түшкөн каражат пенсия, пособиеге жана айлык маянага бөлүнөт. Казино да ушулар сыяктуу эле бюджеттин толушуна салым кошот деген пикирдемин.

Эгер арак дагы арам болсо, анда аракты өндүргөн заводдорду да жабыш керек деген маселе жаралат. Бирок бюджетке салым кошуп, элди иш менен камсыз кылган заводдорду арам деп жаба берсек, салык жыйноо, бюджетти толтуруу кыйынга туруп калат да.

Негизи казино маселесин айрымдар  чоң саясатка айлантып жиберишти. Туура, туура эмес маалыматтарды айтып, коомчулуктун башын айлантып салышты. 

- Айрымдар мусулманчылыкты туу туткан мамлекеттерде деле казинолор бар деген жүйөөнү келтирип жатышат го?

- Ооба, мусулманчылыкты катуу кармаган мамлекеттерде деле казинолор бар. Эгер казинодон түшкөн каражаттар арам болсо, Сауд Аравиядагы, Пакистандагы, Түркиядагы казинолор иштебейт эле да... Алар да бир нерсени билгени үчүн иштетип жатышса керек. 

- Жогорку Кеңештин депутаттарынын көбү намаз окуса да, бул мыйзамды кабыл алышты деп таң калгандар да аз эмес...

- Жогорку Кеңештин депутаттары да кумаркана кыргызстандыктар үчүн эмес, чет элдик жарандар үчүн ачылып жатканы үчүн колдошкондур. Себеби, бюджетти толтуруу үчүн өкмөттүн келтирген жүйөсүнө ынанышкандыр.
Депутаттар да «казинолор  иштесе салык да түшөт, бюджет да толукталат, инвесторлор келет» деген жүйөлөр үчүн макул болушкандыр.

Анткени, бул жолу казинодо ойнолгон каражаттар көмүскө эмес, ачык болот. Казино иштеткен адам казино ойнотпосо дагы ай сайын көрсөтүлгөн салыкты төлөйт.  

- Мыйзам 5 жолу добушка коюлуп, кабыл алынды. Эми жоопкерчилик кимде болот?

- Эң чоң жоопкерчилик казинолордон салык жыйноочу, алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөчү органдарда болот. Баары таза иштесе,  мамлекет казинодон чоң пайда табат. Эгер баарын көзөмөлдөй алышпай калса, казинолордо криминалдык иштер болуп кетиши да ыктымал.