Жакында Бишкекке Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп келип, Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, түрк тилдүү элдердин Парламенттик Ассамблеясынын отурумун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү маселелерин талкуулап, ошол эле учурда Фетхуллах Гүлен негиздеген билим берүү жана маданий системасындагы мектептерди, ЖОЖду, мекемелерди жаап, материалдык-техникалык мүлктөрүн «Маарифге», жетекчилерин Түркияга өткөрүп берүүнү талап кылыптыр. Ал тууралуу Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары расмий маалымат таркатышпаган менен Түркиянын «Анадолу» агенттиги жарыялады.
Түркиянын расмий жетекчилиги 2016-жылдын 15-июлундагы ишке ашпаган көңтөрүштөн кийин Фетхуллах Гүленди ал тополоңду уюштурган террорист деп жарыялап, Түркиядагы ал негиздеген ЖОЖдордун, мектептердин ж.б. мекемелердин баарын жаптырып, 50 миңге жакын адамды репрессиялады. Масштабы жагынан Сталиндик репрессиялардан калышпады. Бирок, Фетхуллах Гүленди жана ал негиздеген уюмдарды дүйнөдөгү бир дагы демократиялуу укуктук өлкө «террорист» деп тааныбады. Алар ФЕТОну коомдук билимий-илимий, маданий кыймыл, ал эми Гүленди Дж. Соростой дүйнөлүк деңгээлдеги улуу филантроптордун бири катары гана эсептешет. Фетхуллах Гүлен АКШда ардактуу конок катары жашап келатат. Чындыгында эле ошондой. «Сапаттын» мектептери, «Ала-Тоо» университети, ал системадагы башка мекемелер маданий жана лайыктык билим берүү менен гана алектенишет. Алардын Кыргызстанда иштей баштагандыгына отуз жылга жакын убакыт өткөнүнө карабастан экстремисттик же саясий, диний мүнөздө чектен чыккан бир да факты каттала элек. «Сапат» - Кыргызстандын жалпы орто билим берүүсүндөгү брендге айланган. Анын, анда иштегендердин Түркияга эч кандай зыяндары жок. Бирок, Түркиянын расмий бийлиги Гүленди жана анын мекеме-уюмдарын дүжүр бокочого, жадатма идеяга айландырып алышып, дүйнөлүк коомчулукту аны менен опузалап, коркутууга аракеттенип келе жатышат. Эмне үчүн?
Түркиянын расмий бийлиги Гүлендин чет өлкөлөрдөгү мекемелери, уюмдары менен күрөшкөндөй көрүнгөн менен чындыгында анын маани-мазмуну, мизи Түркиядагы ички аудиторияга багытталып, аларды опузалап, ооздуктоо үчүн жүргүзүлүп жатканы жашыруун деле эмес. Анткени, азыркы бийликтин өтө исламдашып кеткени лайыктык чөйрөдө тарбиялангандардын көбүнө жакпайт. Өлкөдө экономика начарлап, инфляция жогорулап, улуттук валютанын куну кетип жатканы ага кошулуп, эл арасында тымызындан нааразылыкты көбөйтүүдө. Ал кандай формада, эмне менен аяктайт, ал жөнүндө айтыш кыйын, бирок биринчиден, элдин көңүлүн башкага буруп, өз аброюн арттыруу, экинчиден, ФЕТОчулардын тамырлары чет өлкөлөрдө кала берсе, алар акырындап чоң күчкө айланып, кийин менден өчтөрүн алышы мүмкүн деген ойдо Түркиянын азыркы бийлиги жокту бардай кылып, апыртып көрсөтүп, аны менен биздей чет өлкөлөрдөгүлөрдү да опузалоону көздөп, дүйнөдө Гүлендин бир да мекемесин калтырбоого аракеттенүүдө. Бирок, Түркиянын бийлиги кимден коркот, кимдерди ардактап, кастарлайт, кайсы аудиторияга жагууну көздөйт, ал өзүнүн ички иши, ички саясий коньюнктуралык маселелери. Ал бизди ага канчалык аралаштыргысы келсе да, биз четте калып, калыс болушубуз керек. Бизге конкреттүү бир режим менен эмес, жалпы түрк эли менен болгон достук кымбат.
Тынчтыкбек Бешкемпиров