×

Внимание

Could not instantiate mail function.

Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлаарда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров добуш берүүгө каршы болду. Ал "кайсы мыйзам долбооруна добуш берип жатканын билбей туруп кнопка баскан" парламенттештерин айыптап өттү. 

Депутаттар мыйзам долбоору өткөн жуманын бейшемби күнү каралганын, анда Адахан Мадумаров жыйынга келбегенин, ошондуктан бул боюнча кабары жоктугун айтышты. Ошондой эле, "Бүтүн Кыргызстандын" депутаттарын саботаж жасабоого чакырышты. 

Депутат Медер Алиев Мадумаровдун бул кылыгын цирктеги оюн катары баалады. 

"Жакында соцтармактагы бир колдонуучунун жазганын окуп калдым. "Циркке барсаң акча төлөп барасың. Айрым депутаттарга да акча төлөп бериш керек, шоу кылып жатышкандары үчүн", - деп жазыптыр. Юрист болгондуктан жакшы түшүнөм, регламенттин талабына ылайык добуш берүү тартибин. Адахан Кимсанбаевич, сиз дагы регламентте ушундай норма бардыгын эң сонун билип туруп эмнеге шоу кылып атасыз? Регламент боюнча мыйзам долбоору комитетте талкууланат, анан пленардык жыйынга чыгарылат. Бул туура эмес болуп калган, бирок мыйзам, регламент негизинде аны сактоого милдеттүүбүз. Сиз аны билип туруп элге жагынайын деп, өзүңүздү парламенттеги жападан жалгыз сабаттуу кылып көрсөтүп жатасыз. Жаңы регламентке мыйзамдар талкуу болгондон кийин мээде сакталып турган кезинде добущка коелу деген норманы киргиздик. Бирок эски регламент менен сиз канча деген мыйзам долбоорлорго добуш берип жүрүп эле, эми артисттенбей эле коюңузчу. Популизмдин да чеги болушу керек", - деди Медер Алиев. 

 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить