Жогорку Кеңештин жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров менен депутаты Исхак Масалиев "физикалык тараптардын активдерин амнистиялоо боюнча" мыйзам долбооруна добуш берүүнү жаап ташташты. Алар мындай кадамын "добуш берүү дароо болбой тургандыгы, ал үчүн убакыт керектиги" менен түшүндүрүштү. 

Ал эми депутат Балбак Түлөбаев "Бүтүн Кыргызстандын" эки депутаты парламенттеги аба ырайын аныктабашы керек дейт. Ошондой эле, ал мунун баарын Мадумаров президенттик шайлоого упай топтоо үчүн жасап жатканын белгиледи. 

"Азаматтар! Тажрыйбалуусуңар да. Ушундай болуш керек, башыңа кылыч такаса да, позицияңда бекем туруу керек. Ойношбош керек да тигил жакка, бул жакка. Азыр позициялардын күрөшү болуп жатат. Министрлер Кабинети мыйзам долбоорлорду алып келет, а "Бүтүн Кыргызстан" каршы чыгат. Эмнеге? Министрлер Кабинетин сындырып, өздөрү бийликке келүү үчүн. Азаматтар! Ооба, бул шоу эмес, бул саясий упай топтоо деп аталат, бул эртеңки президенттик шайлоого даярдануу! А биз отуруп бердик. Мыйзам жол берип жаткандан кийин ошону менен аягына чейин кетиш керек да! Казино боюнча мыйзамды колдободуңарбы. Эмнеге артка кайтардыңар? Же күрөшкүлө же саясаттан кеткиле", - деди Түлөбаев.