Камчыбек Ташиев "айрым депуттар лицемерлер" деп туура айтты. Депутаттардын кээ бирлери чынында акчаларын пайызга беришет, казинодо ойношот, арак ичишет, сауналарга барып ар кандай жоруктарды жасашат, а коомчулуктун алдында периште көрүнгүлөрү келет. Мындай пикирин vb.kg сайтына коомдук ишмер Нурлан Мотуев билдирген. 

Ал көптөгөн депутаттардын айткан сөзү кылган ишине дал келбей турганын белгилеген. 

"Бир эле мисал келтирейин. Мурунку чакырылыштагы бир депутат алкоголдук ичимдиктерди чыгарган заводдун ээси болчу, ошонусу менен адамдардын саламаттыгына зыянын келтирген", - деди Мотуев. 

 Кечээ, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айрым депутаттарга сын айткан. 

"Силер абийир тууралуу көп айтасыңар. Аны менен катар кандай жаатта иштей турганыңарды, кандай пайыз менен элге насыя берээриңерди билем. Абийир тууралуу өздөрү күнү-түнү казинолордо жүргөн депутаттар айтпашы керек. Саясатташтырыштын кереги жок, элди ойлоо керек", - деген Ташиев.