- Донбасскабы же башка жерлергеби, гуманитарлык жардам көрсөтүү ар кимдин иши дечи. Бирок, ошондой болсо дагы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын өкүлдөрү бул маселени саясатташтырбашы керек. “Биз Орусияга кошулабыз, бизди Путин кабыл алсын”,- деген чакырыктар таптакыр акылга сыйбайт. Анткени кыргыз эли кылымдап күткөн Эгемендүүлүккө тынчтык жолу менен 1991-жылдын 31-августунда жеткен. Легендарлуу парламент (мен ал кезде анын депутаты элем) бул тарыхий маселе боюнча атайын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алып, өлкөбүздү суверендүү жана демократтык мамлекет деп жарыялаган. Андан бери 31 жылга кетти. Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп, Бириккен Улуттар Уюмунун курамына кабыл алынды. Биздин көз карандысыз өлкөбүздү дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери расмий түрдө тааныды. Анан ушундай ачык-айкын жана келечеги кең багыттан кантип кайра кайтабыз? Тескерисинче, Кыргызстандын эгемендүлүүгүн жана эркиндигин алдыга жылдырып, биз дүйнөдөгү 200 мамлекеттин катарында кайкайып турушубуз керек.

Ал эми Украинада болуп жаткан окуялар боюнча биз калыс саясатты жүргүзүшүбүз зарыл. Башкача айтканда, Кыргызстан Орусия менен дагы, Украина менен дагы түз мамиледе болушу керек. Ошол эле учурда Батыштын Орусияга киргизген олуттуу санкцияларын биз колдой албайбыз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити