- “Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсүнүн “Путин бизди кошуп алсын” деп кайрылганы - чыккынчылыктын чыккынчылыгы. Анткени, эгемендигибизди жоготуп, Орусиянын курамына киребиз дегенибиз – жеткен акмакчылык! Орусия бизди эч качан тең ата кылып кошуп албайт. Кошсо бизди экинчи сорттогу кишидей кылып, “чурка” деп кошот. Мен муну Орусияда көп жашаган киши катары айтып жатам. Түндүгүндө да, түштүгүндө да, батыш-чыгышында да жашагам. Ошон үчүн алар кыргыздарды кошуп алса да тең ата сүйлөтпөйт. Урмат-сый  менен мамиле кылбайт.

Булак: “Майдан.kg” гезити