- Самсаалы мырза, мына Сиз буга чейин 2005 жана 2010-жылдары орун алган бийлик алмашууларда чечүүчү ролдорду ээлеген адамсыз. 2020-жылы да парламенттик шайлоонун жыйынтыгында бийлик алмашты. Бирок, андан бери көп убакыт өтпөсө да, айрым саясатчылар тарабынан бийликти кетирүү аракети токтобой жатат. Азыр ошондой революциялык кырдаал барбы?

- Мен ал окуяларга активдүү аралашкам. Чечүүчү ролдорду ээлеген десек аша чапкандык болуп калат (каткырып күлүп). “Үмүтсүз - шайтан” деп кыргыздар көп айтат эмеспи, анын сыңары биз да ал кезде ошондогу оппозиция лидерлерине үмүт артып, ишенип чуркап жүрдүк да. Жыйынтыгында эмнеге ээ болгонубузду өзүң жакшы билесиң. Эки жолкусунда тең бийликке жеткен топ ага чейинки айтылган максаттардын үстүнөн иштебей, өз ара бийлик талашуудан баштары көтөрүлбөдү. Мамлекетти бирдиктүү, туура жолго сала алган жок. Кесепетинде ал окуялар дагы кайталанып, 2020-жылдагы окуя орун алды. Андан бери деле жыргап кеткен жокпуз.  Арабызда ошого чейин калыптанган түшүнүк менен жашап келаткандар көп, тилекке каршы. Бийликти кара күч менен сүрүп чыгып алмаштыруудан эч кандай өзгөрүү болбостугуна мен эчак эле ынангам. Коом өзгөрмөйүнчө, коом тарбияланмайынча, миң жолу бийлик алмаштырсак да жакшы жакка өзгөрүү болбойт. Революциялык эмес, эволюциялык жол менен өнүгүшүбүз керек. “Кетсин”, “Кетсиндин” аягы Кыргызстан үчүн чоң каргашага айланып кетүү ыктымалдуулугу барган сайын жогорулап баратат. Бизди аңдып, ылайыктуу жагдай түзүлсө будуң-чаңды салып, бийликти ээлеп алат элек деген тетири агымдагы диний да, сырттан каржыланган саясий да күчтөр жок эмес. Андыктан, эсибиз барда этигибизди жаап, от менен ойногонду токтотушубуз керек. Мамлекетибиз бирөө эле. Аны көздүн карегиндей сактап, кастарлоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз! Жер бетинде өз мамлекети бар улут дегендин өзү - чоң бакыт! Биз ошол жагын жакшы аңдабай, “колдо бар алтындын баркы жок” дегендей болуп атабыз. Жер бетинде саны боюнча бизден алда канча көп, бирок өз мамлекетин түптөп, эркин боло албай ар мамлекеттин курамында кор күндү көрүп күн кечирген улуттар канча? Андай нерсени элестетип атып чоочуп кетесиң. Андан көрө бар күчүбүздү эмгекчилдике, жаратмандыкка, ынтымакка жумшап, мамлекетибиздин эртеңкисине кам көргөнгө аракет кылышыбыз керек! Ансыз да кыргыздар ич ара бийлик талашып жүрүп убакыттан бир топ эле уттуруп койдук. 

- Айрым Батышка ыктаган укук коргоочулар, жакшыны нерседен да жаман из издеген саясатчылар Марат Казакбаев менен “Айылбанктын” төрагасынын мурунку орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүнөн саясат жасашып, К.Ташиевди токтоосуз кызматтан кетирүүнү талап кылып жатышат. Бул канчалык деңгээлде негиздүү?

- Эч нерсе ачыктала электе эле “кетсин” деп кыйкырып чыкканыбыз чекилик. Анан да ажобуз бул эки окуя боюнча иликтөө тобун түзөөрү белгилүү болду. Ашыкпай, саясатташтырбай, сабыр кылып туралы. Болгону иликтөөчү топ ар кандай катмардын чындыкты тайманбай айта алган өкүлдөрүнөн, каза болгондордун жакындарынан түзүлүп, калыс, дыкат иш алып барса эле бул эки жагымсыз окуянын кандай жагдайда болгону ачыкталат. Анан ошол бейтарап иликтөөчү топтун кортундусуна карап бир нерсе десек, жыйынтык чыгарсак туура болот. Кандай болгон күндө да калыстыкты карманалы. Жалаң саясатташтырып жүрүп ушул кейпибизге келдик го акыры.

- Жаңы бийликтин келгенден берки иш аракеттери тууралуу оюңуз кандай? Алар берген убадаларын аткарып атабы? Мисалы, коррупцияга каршы күрөш, эл байлыгын элге кайтаруу ж.б.

- Аракеттер болуп жатат. Тим олтуруп калган жокпуз. Ийгиликтер да, кемчиликтер да жок эмес. Кыргызда эл баштаган менен жол баштаган азап, аны баарыбыз эле түшүнө бербейбиз. Бийликтин жүргүзгөн саясаты, иши дайыма эле баарына жага бербейт. Баарына жагыш да мүмкүн эмес. Айрыкча бизге, кыргыздарга (күлүп). Эл арасында ар кандай пикирлер айтылып атат. Жактырганы, колдогону, “койчу ай ушулар” деп кол шилтегени да жок эмес. Мунун баары мыйзам ченемдүү көрнүш. Баары өзүбүзгө жараша болуп атат деп айтат элем. Баардык бийликтин булагы - эл, өзүбүз. Бийликтегилердин баары Африкадан келип отуруп калган жок да, өзүбүз колдоп, өзүбүз шайлагандар баары.  Ушуга чейин “ичип койду, жеп койду, жаман” деп тактан эки ажону кууп кетирдик. Андан кийин дароо оңолуп кеттикпи? Жок! Демек, эли-журт өзүбүздү да сын көз караш менен карап, оңолууну, түзөлүүнү өзүбүздөн да талап кылышыбыз керек. Эл жакшы болуп эле, эл башына жалаң жамандар келе бермек беле? Жок! Бийликтегилердин бүт баары өзүбүздүн камыртуруштан жасалгандар, кыргыздын уул кыздары. Биз кандай болсок-бийлик да ошондой! Бул жерде эң маанилүүсү-тынчтыкты бузбай, акырындап алдыга жылып, экономикабызды көтөрүп, мамлекетибизди бекемдей беришибиз керек. Чоң арыштап алдыга жыла албасак да, кыбырап аракетибизди токтотпошубуз зарыл. Башка жол жок. Эми тополоң тозго жол берчү болсок, даана азап жеп калышыбыз толук мүмкүн. Кыргыздарды бийлик талаштырып оңой эле тытыштырып койсо болот дегендер жок эмес. Анда мамлекеттүүлүк коюлуп калышы мүмкүн. Мамлекет катары бар болобуз же жок болобуз. Украинадагы болуп аткан, улам-улам кыргыз-тажик чек арасындагы кайталанып аткан кутумдар жөн жерден эмес. Ал окуялар бизди кооптондурушу керек. Албетте анын бетин наары кылсын дейли, тфу тфу тфу.

- Сиз 2010-жылдын июнь айында орун алган Ош окуясына жеринде күбө болгонсуз. Анын чыныгы күнөөлөрлөрү кимдер? Жаңы бийлик андагы окуяны кайрадан иликтөөгө алып жатса, айрым Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы чыгып жатат. Бийлик туура эле аракет кылып жатабы? Ошондогу Убактылуу өкмөттүн ролу кандай болгон?

- Чыныгы күнөөлүүлөр кимдер экенин баарыбыз эле боолголоп билсек керек. Колуңда маалымат жок болгондон кийин тигил же бул күнөөлүү деп так кесе айтыш кыйын. Менин жеке пикиримде ал каргашалуу окуяны Кыргызстанды башка саясий түзүмгө (системага) өтүшүн каалабаган сырткы күчтөр уюштурган. “Кыргызстан парламенттик системага өтсө жок болуп кетиши мүмкүн” деген пикирди ошол кезде ким айтканын баарыбыз жакшы билебиз. Ал турмак ошол каргашалуу күндөрдө Ошто провокация уюштуруп жүргөн делген чет элдик жаран кармалганы боюнча да маалымат тараган. Ошонун баарын эске алганда 2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясы сырткы күчтөрдүн атайын уюштурган кутуму болгон. Албетте бул менин жеке пикирим. Жакшы дагы элибиздин жакшылык-жамандыкта биригип кеткен улуу касиети бар экен, чогуу-чаран ал согушту токтотуп кала алдык. Тилеке каршы, адам өлүмү болбой койгон жок. Баса, мен ушул жерде тарых үчүн, калыстык үчүн бир нерсени айтып кетейин. Жаңжал 10-июнда кечинде Ош шаарында башталып, анан барып 13-14-июнда Жалал-Абадга өткөн. Жалалабадтыктардын бактысына улуттар аралык согушту андан ары ырбатпай токтотуп калууга Камчыбек Ташиевдин салымы өтө чоң болгон. Бул окуя боюнча Ташиев камакта жатканда да айткам бир гезитке. Ал окуяга өзүм күбөмүн. Убакыт болгондо бул жөнүндө бир күнү кенен айтып берермин. Ал эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кимисинин канчалык күнөөсү бар экенин укук коргоо органдары териштирип, баа берер. Бул жөнүндө ошондогу Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун да айткандары бар. Шалаакылык кетсе ким болбосун жооп бериши керек.

Нургазы Анаркулов, Булак: “Майдан.kg” гезити