Адахан Мадумаров буга чейин өзүн “Кыргызстандагы №1-мекенчил саясатчы” катары эсептеп келген. Ал оргуштаган билдирүүлөрүндө, сөздөрүндө Кыргызстан үчүн жалгыз өзү гана күйүп-бышкандай, башкалар жөн эле тезек терип жүрүшкөндөй көрсөтүүгө аракеттенчү. “Мактанган кыз тойдоо осурат” дегендей, ал спикер болуп турганда кабинетин жасалгалоого мыйзамсыз ири суммадагы акчаларды жумшап жибергени билинип, анан Баткендеги 5 гектар жерди, Каркыраны соодалап жибергени ачыкка чыккандан кийин, бир аз деми кайта түшкөн. Бирок, парламентке кайра келгенден бери аларды унутуп, өзүнүн эски ролуна кайра кирди. Атүгүл “мекенчил” депутатыбыз акыркы убактарда биротоло чектен чыгып, чыккынчыга айланып баратканына күбө болуудабыз.
25-майда пророссиялык бир сайттагы ”Донбасска гуманитардык жардам ар кандай улуттарды бириктирди”- деген макалада Адахан Мадумаров жетектеген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы Донбасстын Россиянын карамагындагы тургундарына гуманитардык жардам жөнөтөшкөнү маалымдалды. Партиянын жетекчилиги ал маалыматты четке какпаганына караганда, андай факты сөзсүз болгон. “Бүтүн Кыргызстандын” Донбасска эмне жөнөтүшкөнү, анын көлөмү эч кимди кызыктырбайт, маселе ал фактыда гана. Дүйнөлүк коомчулук Россияга тоталдык санкцияларды киргизип, башкаларды айтпай эле коёлу, Россияны ачык жактап чыккан 4 өлкө, атүгүл коммунисттер башкаргандары да ачык жардам көрсөткөнгө даабай турушканда Адахан Мадумаров баштагандардын андай кадамга барган - Кыргызстандын нейтралдуу позициядагы бийлигине гана эмес, биринчиден, бүткүл дүйнөдөгү цивилдүү коомчулукка түкүрүү, экинчиден, чыккынчылыкка тете жорук болгонун ачык айталы. Анткени, “Бүтүн Кыргызстан” мурдагыдай көчөдөгү саясый уюмдардан эмес, ал курамы аз болсо да парламенттеги, демек, бийликтеги партиялардан. Эгерде алар баштагандарынан кайтып, бул жааттагы демагогияларын токтотушпаса, Батыштагылар “Россиянын Украинадагы аскердик операциясын жактаган өлкө” катары Кыргызстанга да санкцияларды, бери дегенде чектөөлөрдү киргизип салышы мүмкүн. Анда ал үчүн ким жооп берет?
Бул партиянын Динара Чолпонова деген бир активисти: “Жөнөкөй адамдар Путин бизди Россияга кошуп алса экен деп жатышат, анткени Россиянын президенти эли үчүн кам көрөт. Ал жакта кыргыздар, жакуттар, буряттар жашап жатышпайбы” деген провокациялык билдирүү таркатты. Анын демилгечиси Адахан Мадумаров өзү болуп жаткан жокпу? Анткени, партия лидеринин уруксатысыз жогоруда айтылган кыз анткенге даамак эмес да? Кокус, башка бир партиядан бир чычкак кыз антип тантырап жиберсе, ошол замат, Ак үйдөн гана эмес, партиядан да чыгарып салышмак. Мындай аракеттерден Адахан Мадумаров өзү көкүрөгүн ургулап мактангандай, мекенчил болбой эле, ачыктан ачык элди эгемендүүлүктөн баш тартып, кайрадан Россиянын бир провинциясына айланууга чакырган коллаборационистке же жалпак тилге салып айтканда, ачыктан ачык коркунучтуу мамлекеттик кылмышкерге айланып бараткандай. Бул өңүттөн алганда, Адахан Мадумаровдун партиясынын аталышындагы “Бүтүн” деген сөздү кор кылбастан мындан ары аны “Саткын” деген сөзгө алмаштырып койсо, атына заты дал келип калмак. Өз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүн чыныгы саткын гана, маркум Төлөгөн Касымбеков “энесинин тонун сатып пайда тапкандар” деп айткандай, Өзгөндүн базарындагы далдалчыдай, пулдап жиберүүгө аракеттениши мүмкүн.
Адахан Мадумаровду келесоо дегенге болбойт, алжый турган куракка келе элек, деги анда ал кандай максатта мындай кадамдарга барууда? Анын көздөгөнү: “мен тоталдык кысымда, басымда турганда Россиянын колдосом, мунумду алар эске алышып, 2010-жылдын 7-апрелиндегидей тополоң уюштуруп, мамлекеттин башына алып келишсе”,- деген максат болушу мүмкүн. Анын башка максаты жок. Айрымдар “ал келерки президенттик шайлоону көздөп, ушундай кадамдарга барууда”- дешүүдө. Ал туура эмес, Мадумаров мыйзамдуу жол менен башкы бийликке келе албасын жакшы билет, ошондуктан ал мыйзамсыз жолдун пайдубалын түптөөгө аракеттенүүдө. Бирок, анын бул аракети ишке ашпайт. Эмне үчүн?
Россия менен Украинанын жаңжалы канчага созулары белгисиз болуп баратат. Айрымдар аны “Израиль менен Палестинанын ортосундагыдай перманенттүү жаңжалга айланып кетет”,- деп да болжолдошууда. Анда да чындыктын үлүшү бар. Украина өз ыктыяры менен Россия каалагандай, аймагынын үчтөн бирине жакынынан айрылуу менен тынчтык келишимине барбайт. Россия жеңилип эле калбаса, андан азына көнбөйт. Россия Киев менен Харьковду алууну максат кылса, жүз миңдеген аскерлеринен айрылат. Батыштагылар курал-жарактарды тынбай берип турса, Украина Львовду алдыргыча согуша берет. Жаңжал уланып, батышка жакындай берсе, ал жактагы өлкөлөрдүн бир нечеси тымызындан кагылышууларга аралашып кетүүсү да ыктымал. Демек, Ураинанын капканынан Россиянын качан, кантип чыгаары, чыкканда саясый, экономикалык жактан кандай абалда болоору да белгисиз. Бул өзүнчө чоң сөздүн темасы, кайрадан жоболоңдуу партияга кайрылсак, бизде эки адам мушташа кетсе, же бирөөлөрдүн бир нече миң сомду кымтып алганы далилденсе, аларды ошол замат камап салышат, бирок көз карандысыз мамлекеттигибизди жокко чыгарууга чакырып, жакынкы кошуналарга бокочодой көрсөтүүгө аракеттенип жатышкандарга тийиштүү органдардын өтө эле лоялдуу болуп жатышкандары таң калтырууда. Адахан Мадумаровдун мындай иштерин кошуна өлкөлөрдүн лидерлери аркаларына бычак сайгандай кабылдап, кысаларын биздин тосмоктордон ары-бери өткөн жарандарыбыздан, жүк ташыгандардан, анан эки тараптуу мамилелерден чыгарышат.
Чындыгында башка өлкөлөрдүн атайын кызматтарына конфиденциалдуу маалыматтарды бергенден да эгемендүүлүктөн баш тартууга чакырган алда канча коркунучтуу. Анткени, алар мамлекеттигибиздин өзөгүнө балта чабышууда. Эгерде “Бүтүн Кыргызстандын” мындай иштерине убагында укуктук баа берилбесе, анда эриккен-зериккендердин, ич күптүлүүлөрдүн көбү эгемендүүлүгүбүздү эрмектеп, ага шек келтирүүнү адатка айландырып алышы мүмкүн.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан.kg” гезити