КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу депутат Адахан Мадумаровго кайрылды. Ал Кыргызстан президенттери ар кайсы убакта Россиянын президенти Владимир Путин менен алакасын жакшыртууга аракет жасап келгенин, бул кыргыз өлкөсүнүн орус жергеси менен экономикалык, саясий жана социалдык чырмалышкан маселесине байланыштуу экенине токтолду.
"Кайсы президент келбесин биринчи кезекте Россия менен мамилесин чыңдаганга аракет кылат. Анткени, биз экономикалык, саясий, ал жакта миллиондогон мигранттарыбыз болгондуктан социалдык жактан да орус жергеси менен тыгыз чырмалышканбыз, андыктан аларга көз каранды экенибиз ачык. Бирок президенттерибиз Россияны стратегиялык партнерубуз дегени менен кайсы бир деңгээлде өз алдынча саясат жүргүзүүгө да аракеттенип көрүштү. Мисалы, Курманбек Бакиев Россиядан көз карандысыз саясат жасайм деп аракет кылды эле, анын жыйынтыгы кандай болуп бүткөнү баарыбызга маалым. Айтылгандар факты жактан далилденбесе да, окуянын жалпы жүрүшүн коомчулук сопсонун түшүнүп турат. Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде да орус президенти менен жакшы мамиледе болууга умтулду. Бирок кайсы бир деңгээлде Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн орус президентинин тегерегиндеги министрлери менен тең тайлашып, күрөшүп жатканын көрдүк. Бирок Путин эмнени айтса аткарууга аракеттенип келди. Андан башка айласы жок эле. Сооронбай Жээнбеков деле Россия менен алакасын жакшыртпаса кыйын болуп калаарын билип, ага жакшы эле аракеттенди. Азыркы бийлик дагы Кыргызстандын Россия менен канчалык тыгыз байланышы бардыгын түшүнүп, бул жаатта өз аракеттерин көрүп жатышат", - деди Илим Карыпбеков.
Аны менен катар Карыпбеков учурдагы бийликтин коомчулукту кубанткан иш аракеттери болуп жатканын билдирди.
"Мисалы, мени кубанткан нерсе - бийликтин Z белгилери менен катуу күрөшүп, Украина-Россия жаңжалында нейтралдуулукту кармоого аракет кылышууда. Муну айтыштын өзү эрдик", - деди мурдагы жетекчи.
Илим Карыпбеков ушундай кырдаалда "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын Донбасска гуманитардык жардам жеткирип баруу менен Путиндин саясатын колдошоорун тымызын билдиришкенин, бул боюнча коомчулукта кандай бир реакция болобу деп күтсө анысы акталбаганын, ошондуктан Адахан Мадумаровго кайрылууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.
"Донбасска жеткирилген гуманитардык жардам салынган коробкаларга "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын эмблемалары чапталган, желеги көтөрүлгөн. Анын өкүлдөрү Путин абдан жакшы президент экенин, өз элине кайрымдуу экенин айтышып, "бизге да ушундай президент керек, Кыргызстан Россиянын курамына кирип кетсек жакшы болоор эле" дегендей пикирин билдиришти. Адахан Кимсанбаевич, сиз ушул маселе боюнча позицияңызды бир ооз сөз менен билдирип койдуңуз. "Партиянын мүчөлөрү өздөрү жардам берип жатат, өздөрүнүн иши, эмне айтса өздөрүнүн жеке пикири", - деп гана тим болдуңуз. Мен сизди эр жүрөк, тайманбас адам деп билчүмүн. Бирок бул позицияңызды чыккынчылык деп билем. Сиздин өкүлүңүз партиянын эмблемасын коробкаларга чаптап, жардам жеткирип жатат. Бул деген кыйналып жаткан элге берилген жардам эмес, бул - орус бийлигине кошомат, "бизди колдосоңор, кийинки шайлоодо же төңкөрүш болуп кетсе, мени президент кылсаңыз, биз сизге жакшы кызмат өтөп беребиз", - дегениңиздин белгиси. Эгер мен сиздин партияңыздын өкүлү болуп, террористтерге жардам берсем, "ал өзүнүн иши" деп коесузбу? Кыргызстан Кытайга кошулуш керек деп сүйлөсөм, "ал өзүнүн оюу" деп коесузбу?" - деди Карыпбеков.
Андан ары ал Адахан Мадумаровду позициясын ачыктоого чакырды.
"Абройуңузду коргоп каласыз деп ишенем. "Донбасска болгон гуманитардык жардам партиянын атынан берилген жок, партиянын өкүлүнүн сүйлөгөн сөзү партиянын саясатына каршы келет, антип сүйлөөгө макулдук берилген эмес" деген сыяктуу расмий билдирүү жасаңыз. Анда кыргыздын патриоту катары каласыз, болбосо сиздин оюңуз деле түшүнүктүү экен, элди сиз деле жыргатпайсыз!" - деди Илим Карыпбеков.