Кыргызстанда бир катар эксперттер УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди отставкага кетирүү чакырыктарынын артында бийликти алсыздандырып, андан кийин өз колдоруна алууну каалаган айрым саясатчылар турганын айтып чыгышты.
Журналист Бердибай Саматов "Коопсуздук аспектиси" автордук көрсөтүүсүндө ачык жана айыптоосуз эле өздөрүн оппозиция көрсөткөн айрым саясатчылардын адепсиз жоруктарына таң калды.
"Адам өлүмүн өзүнүн жеке саясий рейтингин өстүрүү үчүн колдонуу, өлүмдүн себеби катары жалган маалыматтарды таратуу - бул адепсиздик жана цинизм, так ушуну менен Кыргызстандын оппозиция лидерлери алектенип жатышат. Саясат ыплас иш экенин билебиз, бирок мынчалык деп ойлобогонбуз", - дейт журналист.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин фигурасы бир жактуу жана татаал экендигин моюнга алуу керек. Анын курч жана өзгөчө мүнөзү баарына эле жага бербейт, бирок факт факт бойдон калууда – дал ушул Ташиев УКМКнын башчысы болуп өлкөдөгү коррупция менен күрөшүүдөгү кырдаалды өзгөртө алды. Кыска убакыттын ичинде УКМК мурда жооптуу кызматтарды аркалаган, өлкө башкарууда маанилүү чечимдерди кабыл алып жүргөн бир топ жогорку даражалуу аткаминерлерди кармады. Алардын арасында премьер-министрлер, депутаттар, министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери бар. Алардын көбү айыбын моюнуна алышты жана уурдаган каражаттарын өлкө казынасына кайтарышты. 2020-жылдын соңунда эле бюджетке 7,5 миллиард сом кайтарылды.
Ушундан улам Ташиев азыр буга чейин "майлуу" орундарда отурууга үлгүргөн, учурда ар кандай саясий соустар менен бийликке кайтууну каалаган өтө көп саясатчыларга ыңгайсыз болуп калды. Мындай адамдарга УКМКнын төрагасы тамагына тыгылган сөөктөй эле болуп турат. Алардын максаты бирөө - Ташиевди кетирип, андан кийин президентке жалпы чабуул жасоо экени белгилүү болуп калды. Ташиев менен Жапаров ММКлар аркылуу жокко чыгара берип тажашкан "экөөнүн ортосунан кара мышык өттү" деген сыяктуу имиштерди ушул себеп менен таратып жатышпады бекен.
УКМК башчысы атамекендик коррупционерлерге ыңгайсыз болуп жатканы - бул дагы жарымы эле, аны кызматтан кетирүүгө коңшу өлкөлөр дагы кызыкдар болушу ыктымал. 2020-жылдын ноябрында УКМКга өткөрүлгөн Чек ара кызматы боюнча да бир топ аракеттерди көрүп жатканы өзүнчо сөз айтууга арзыйт.
Кыргызстанда Тажикстан менен талаш аймактар бардыгы белгилүү. Ушул жаатта Баткен облусунун талаш аймактарында коңшу өлкө менен ар кандай жаңжалдар орун алып келет. Бир топ масштабдуу конфликт 2021-жылдын апрелинде болду, тажик тарап Кыргызстандын аймагына кирип калктуу конуштарды минометтен аткылады. Жыйынтыгында, 36 кыргызстандык, анын ичинде 2 жаш бала каза тапты. 189 кыргызстандык ар кандай жараат алды.
Эң кызыгы, бул ири куралдуу жаңжал УКМКнын башчысы Өзгөн районунун митингге чыккан тургундары менен жолугушкандан кийин башталды. Анда эл Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстанга өткөрүп берилди деген такталбаган маалыматка каршылык билдиришкен. Оппозиция чоктон от тутантууну каалашкан, бирок Ташиев митингчилерге суу сактагыч Кыргызстанга калаарын айтты, а эл ага дароо ишеништи.
Ташиев чек араны чычкан өткүс кылып жаап салганы үчүн ыңгайсыз болуп калды деген да пикирлер бар. Анткени, ошондон кийин коңшуларда экономикалык кыйынчылык башталды, аны тажик ММКлары да моюндарына алышты. Чек ара тыкыр жабылгандыктан аткезчиликтин да жолу буулуп, Тажикстанда баалар кыйла өскөн.
Баңгизаттар боюнча өзүнчө сөз кылса болот. Акыркы убакта эле афган баңгизаттарынын ири партиясы кармалды, ал Тажикстандан Кыргызстанга жеткирилип келаткан. Кызыгы, ушул жылдын апрелинде чыккан куралдуу жаңжалдын себеби ушунда эмеспи.
Жалпысынан Кыргызстанда дагы, башка өлкөлөрдөгү дагы өтө көп адамдар Камчыбек Ташиевди жаманатты кылып, кызматынан кетирүүгө кызыкдар экени ачык болуп калды. Ошондуктан, алдыда дагы ушул сыяктуу аракеттердин далайын көрөөрүбүздөн шек санабай эле коюшубуз керек. Бирок УКМКнын учурдагы башчысы темир мүнөзү менен аларга алдырбайт.
vb.kg сайтынан алынып которулду