“Айыл Банктын” төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын абагында өз өмүрүнө кол салганына Камчыбек Ташиевдин эч кандай тиешеси жок. Бул окуяга УКМКнын төрагасын айыптап жаткандар анын оставкага кетирүүнү каалашууда. Мындай пикирин мамлекеттик түзүм боюнча эксперт Шерадил Бактыгулов “vb.kg” сайтына билдирген.

“Ташиевдин окуяга түз күнөөсү, албетте, жок. УКМКнын өзүнүн түзүмү бар. Ар бир кызмат өз аймагы үчүн жоопкерчиликти алат жана аларды башкарган орун басарга баш ийет. А орун басарлар УКМКнын төрагасына доклад берип турушат. Төрага эмне болуп жатканынан толук кабардар болбошу да мүмкүн. Эгер биз жоопкерчилик тууралуу айтсак, анда бул биринчи кезекте УКМКнын абагынын начальнигине тийиштүү, ал режимди, камактагылардын ден соолугу жана коопсуздугун көзөмөлдөйт. Ошол начальник баарын билип турганга милдеттүү жана кандайдыр бир окуя болсо, баарын каттап, рапорт бериши керек”, - дейт эксперт.

Ошондой эле, ал УКМКнын абагынын санитардык бөлүмүндө дарыгерлердин 24 саат бою көзөмөлү жоктугун белгиледи. Айтымында, ал жакта керебеттер жана келип-кетип, ооруп калган айыпталуучуларга дарыгердин көрсөтмөсү менен дары-дармек берип турчу фельдшер гана бар. Күнү –түнү көрсөтүлчү медициналык көзөмөл бир гана ЖАМКга караган СИЗО-1де болот.

“Болуп өткөн окуянын бардык жагдайларын иликтөөчү комиссия түзүлдү. Бул туура. Кээ бирөөлөр камактагы адамдын өлүмүнө Камчыбек Ташиев түз жоопкер деп жатышат. Ой жүгүртүп көргүлө, азыр өткөн кылымдын 30-жылдары, репрессиянын убагы эмес. Албетте, оперлер кээде кылмышты моюнга алдыруу үчүн мыйзамсыз ыкмаларды колдонушат. Бирок бул, дагы эле Камчыбек Ташиевдин эмес, ошол конкреттүү опердин жоопкерчилигиндеги нерсе. Баары УКМКнын төрагасын кызматтан алуу – Камчыбек Ташиевди отставкага кетирүү талабынын артында айрым саясий активисттердин бийликти алсыздандырып, андан кийин өз колдоруна алуу максаты турганын түшүнүп жатышат. Аларга шылтоо гана керек”, - деди Шерадил Бактыгулов.