Туруктуулукту бузууну, эки досту уруштуруп, бийликти басып алууну көздөгөн арам шайтан саясатчылар, укук коргоочуларга табылбай эле калды. Буга чейин саясат таануучу Марат Казакбаевдин өлүмүнөн саясат жасашкан. "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары УКМКнын СИЗОсунда өзүн өзү асып алгандыгы тууралуу маалымат пайда болору менен чырактарына май тамды. Адам өлүмүнөн саясат жасоого өткөн арамооз саясатчы болумуштар Бакыт Асанбаев өзүн-өзү узарткычтын шнуруна асып өлүп калса да буга Камчыбек Ташиевди күнөөкөр кылууга өтүштү. Кызматтан кетишин талап кылууда.
Бул - эски ыр. Ташиевди кетирүүнү көздөгөн ууру коррупционерлер анда максатына жетет. Жеген-ичкени үчүн жооп бербей, аман калышат. Муну алар дагы бийлик келгенден бери самап келатат. Аларга биригип алган арам ойлуу саясатчыларга болсо бийлик керек. Революция керек! Күнү бүтүп баратышкан чөөлөр ошондуктан биригип, аракетин жасоодо.
Бакыт Асанбаев саясатчы болгон эмес эч качан. "Айыл Банктын" төрагасынын орун басары болуп иштеп жүрүп, 3,5 миллион доллар мамлекеттин акчасын күрөөсү жок берип жиберген. Бул каражат кайра кайтарылган эмес. Аны менен кошо дагы беш киши жоопко тартылып атат. Минтип мамлекеттин акчасына кол салгандын баарын коргоп, жумшак мамиле кылчу болсок - келечек кандай болот? Ошондуктан, бул жерден саясат издегендин өзү туура эмес! Президент түзгөн комиссия жыйынтыгын чыгарат. Жумурткадан кыр издеп, элдин башын айлантканды токтоткула! Бул турушунарда азыр жайдын күнү кар жааса да Ташиевди күнөөлүү кыласынар. Бардык нерсенин чеги болот!