- Коррупцияны токтотуу ишинде журналист-иликтѳѳчүлѳр сизге жардам бере алышмак. Бирок алар сиздин жакындарыңыз боюнча иликтѳѳ иштерин жүргүзүшкөндөн кийин кеңсесинен наркозат табылды. Учурда тергѳѳ иштери жүрүп жатат. Бул ѳлкѳнүн кадыр-баркына, сѳз эркиндигине катуу шек келтирди. Болот Темиров сиз үчүн эмнеге душмандай болуп калды? Тескерисинче, коррупция менен күрѳшүүдѳ сиздин жардамчыңыз болушу керек эле да.
- Менин үй-бүлѳмдүн эч качан коррупциялык схемасы болгон эмес. Саясатка чейин да, саясатка келгенден кийин да, бийликте турганда дагы болбогон. Мындан ары да эч качан болбойт. Болот Темиров фактылардан ѳзүнѳ ыңгайлуу маалыматтарды иргеп алып, аны коррупция таризинде берип атат. Анда коррупциянын жыты да жок. Темировдун “жомогунан” кийин ондогон журналисттер аталган заводго барышып, эч кандай коррупциянын жоктугуна ынанып келишти. Бул Р.Жээнбековдун “Казакпаевди УКМК ѳлтүрдү” дегениндей эле курулай айыптоо. Бул биринчиден.
Экинчиден, мамлекетте он миңдеген тендерлер ѳткѳрүлүп турат. Мен бизнести баштаганда, бир туугандарым да бизнеске тартылган. Азыр бир агам пенсияда болсо, эки агамдын кѳзү ѳтүп кетти. Бизнес балама ѳттү, азыр ал жүргүзүүдѳ. Биз ошондо эле, оппозицияда жүргѳн маалда тендерлерге катышчубуз. Жүздѳгѳн тендерлерди утканбыз. Баары мыйзам чегинде болсо, туура келсе, тендерлерге катышканга неге болбосун. Мурда аябай кѳп катышкан болсок, азыр катышпай калдык. Ѳткѳн жылы менин баламдын фирмасы болгону 3-4 тендерге катышты. Ошондо да жетекчиликтин ѳтүнүчү менен катышкан. Себеп дегенде, тендердин суммасы өтө аз болгондуктан, ири фирмалар ага катушуудан баш тартып, айлалары кетип калган. Уулумдун фирмасы үч тендерден болгону 16 миң сом пайда кѳргѳн. Алар 50 миң, 250 миң сомдук тендерлер. Жергиликтүү бийлик органдарынын суранычы менен гана катышып, аларга колдоо кѳрсѳтүүнү кѳздѳгѳн. Анда мамлекеттин эсебинен киреше, пайда кѳрүү максаты дегеле болгон эмес. Буга тендерде бензиндин баасын базар баасынан, өздөрүнө зыян экенине карабастан арзан коюп бергени дагы далил.
Эгерде Темиров качандыр бир кезде маанилүү маалыматты берүү менен бизге жардам бергиси келсе, биз анын жардамын алууга кубанычта гана болобуз. Бул бардык журналисттерге тиешелүү. Ага козголгон кылмыш иши боюнча айтсак, кээ бирѳѳлѳр ага УКМК кылмыш ишин козгоп, тергѳѳ иштерин жүргүзүп, куугунтукка алып жаткандай кѳрсѳтүүдѳ. Андай эмес! Анын ишине биздин тиешебиз жок. Кылмыш ишин козгогон да, тергѳѳ амалдарын жүргүзгѳн да эмеспиз. Мыйзамдарга ылайык, Темировдун ишин ИИМ алып барууда. Балким, кайсы бир жагдайларды далилдѳѳдѳ биздин кызматкерлер катышкан болушу мүмкүн. Бирок ишти ИИМдин алдындагы тергѳѳ органдары жүргүзүшүүдѳ. Ал 15 жыл мурда документтерди жасаган болсо, ага УКМКнын кандай күнѳѳсү бар? Ал жалган документтерди пайдаланганы боюнча фактылар бар. Анын күнѳѳсүн эми сот далилдейт. Ал паспорт алуу үчүн жасатып алган же уурдап алган аскердик билетиндеги маалыматтарды берген. Бул тергѳѳнүн жүрүшүндѳ далилденен фактылар. Бирок ал эч качан аскерде кызмат ѳтѳгѳн эмес. Анын документтерди жасаганына УКМКнын эч кандай тиешеси жок. Бул убакыт аралыгында ал Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргѳн. Бирок ал юридикалык жактан алганда, кыргыз паспортун эч качан албаган. Кандай иш болсо эле бизге байланыштырганды үйрѳнүп алдыңар…
- Мунун баары сизге байланыштуу иликтѳѳ материалын чыгаргандан кийин болуп жатпайбы.
- Темировго мага байланыштуу журналисттик иликтѳѳ жүргүзгѳндѳн кийин кылмыш иши козголгондой кѳрсѳтүп жатышат. Жок, бул иш боюнча ага чейин эле тергѳѳ иштери жүргүзүлгѳн. Бир канча ай мурда эле Темировдун жасалма документтерди пайдаланып жүргѳнү аныкталып, кылмыш иши козголуп, тергѳѳ амалдары жүрѳ баштаган. Эми анын күнѳѳсү боюнча акыркы чечимди сот чыгарат.
Ал ѳзүнүн журналисттик иликтѳѳлѳрүндѳ менин жакындарымдын коррупциялык иш-аракеттери боюнча конкреттүү фактыларды келтирсин. Ал болгону фактыларды алып эле аларды коррупция ѳңүтүндѳ берип атат. Мыйзам чегинде иш жүргүзсѳң, салыктарды убагында тѳлѳсѳң, бизнес менен алектенгенге неге болбосун? Баары бизнес кылышса болот. Ошондуктан журналисттер коррупция боюнча сѳз кылганда, аны конкреттүү фактылар менен далилдешсе.
- Ѳзүңүз журналист-иликтѳѳчүлѳргѳ кандай карайсыз?
- Аябай жакшы карайм. Мен дагы кѳптѳгѳн жарандардай эле мамлекеттеги, коомдогу коррупциялык кѳрүнүштѳргѳ бѳгѳт коюлушун, коррупциянын тамыры кыркылуусун каалайм. Ѳзүм коррупцияга каршы күрѳштүн башында туруп атам. Мага чиновниктердин коррупцияга аралашканы боюнча кандай фактылар болсо бергиле, аларды иликтѳѳгѳ алып, ишти аягына чыгарууга, коррупционерлерге чараларды кѳрѳм. Кат менен кайрылсаңар, мен кызматкерлерди жѳнѳтүп, иликтѳѳ иштерин баштайбыз.
- Бизнесиңиздин балдарыңызга ѳтүп, тендерлерге катышып жатканын айттыңыз. Бирок сиздин жээниңиздин жогорку позицияны ээлеп келатканын кандай түшүндүрѳсүз? Иниңиз болсо Жогорку Кеңештин депутаты. Мында каалайбызбы, жокпу кызыкчылыктардын кагылышуусу орун албай койбойт. Иниңиз мандатын тапшырат дедиңиз эле, бирок андай болгон жок.
- Жээним боюнча айтсам, мында эч кандай кызыкчылыктар кагышы жок. Анткени, ал заводдун директору. Ал башкарып жаткан мамлекеттик завод 2020-жылды 40 млн. сом чыгаша менен жыйынтыктаган. Ал заводдун башына келгенден кийин 2021-жылы заводду кирешесин 80 млн. сомго жеткирди. Бул жылы завод 200 млн. сом киреше кѳргѳнү жатат. Бул мамлекеттик акчалар. Мында каерде коррупция бар? Эмне үчүн ѳлкѳнүн кызыкчылыгы үчүн ийгиликтүү иштеп аткандарды четтетишибиз керек? Ал жогорку билимди Россиядан алган. Билимдүү, ѳз ишин билген жигит, эч ким ал жѳнүндѳ жаман сѳз айта албайт. Чыгаша менен иштеп аткан заводду кирешеге чыгарууга жетишсе, анын эмнеси жаман? Заводдогу буга чейинки коррупциялык кѳрүнүштѳрдүн баары токтогон. Азыр заводдон эч ким акча уурдай да, ѳѳнѳй да албайт. Кирешелерин жаап-жашырбай, ачык-айкын иштешүүдѳ.
Мындан сырткары, Кыргызстанда алгачкы жолу “Кыргызнефтегаз” кайра иштетүүчү заводду мамлекеттен бир тыйын албай ѳз каражатына курганы жатышат. Буга чейин мындай болгон эмес. Бул бизге башка ѳлкѳлѳргѳ болгон кѳз карандылыктан арылууга мүмкүндүк берет. Мурда 100 миң тоннага жетпеген нефти ѳндүрүлгѳн болсо, азыр 250 миң тонна нефти ѳндүрүлүүдѳ. Эки жылдан кийин бул кѳрсѳткүчтү 500 миң тоннага жеткирүү пландалууда. Мунун баары мамлекеттики болуп эсептелет. Завод курулуп, иштей баштаса, бүтүндѳй түштүк аймагын күйүүчү майлоочу майлар менен камсыз кыла баштайт, Россияга, Казакстанга кѳз каранды болбой калабыз. Ал менин жээним болсо да, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Эгерде жакшы иштеп, жыйынтык кѳрсѳтүп атса, биз аларды колдоого гана алышыбыз керек.
Иним жѳнүндѳ сурооузга жооп берейин. Мен анын депутат болушун каалаган эмесмин. Бирок эл 20 миңден ашык добушу менен депутат кылып шайлашты. Мен жакындарымдын эч кимисин мамлекеттик башкаруу саясатына катышканын каалабайм. Бирок ал шайлоочулар тарабынан шайланды. Бул эң башкы аргумент. Мындан башка жакындарымдын эч кимиси мамлекеттик кызматтарды ээлебейт. Эки жылдын ичинде кѳп кызмат орундарына жакындарымды койдурсам да болмок. Бирок эч кимди кызматка алып келбедим. Тескерисинче, кызматтагыларды кетирүүгѳ туура келди. Мурдатан бери иштеп аткандар иштеп атышат. Мисалы, дагы бир жээним мамлекеттик кызматта иштейт. Ал Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун учурунда да иштечү. 2015-жылдары Салянова аны кызматтан алып койгон, ошондо мен кызматына калыбына келтирүү менен Атамбаевге кайрылгам. Атамбаевдин кѳрсѳтмѳсү менен Башкы прокурор И.Жолдубаева кызматына кайрадан дайындаган. Эмне, мен аны кызматынан кетиришим керекпи? Аны кызматка мен алып келген эмесмин. Иштеп келген, иштеп атат. Анын кесипкѳйлүгүнѳ эч кандай дооматтар жок.
Маектешкен Лейла Саралаева