Бекболот Талгарбеков Президент Садыр Жапаровдон “мени өзүңүзгө кеңешчи кылып алып, менин бир адамымды Нарынга губернатор кылып коюңуз” деген өтүнүчү ишке ашпагандан кийин  гезиттердин бирине атайы интервью уюштуруп, мамлекет башчысын алы жетишинче сындап, эки досту бири-бирине кайраштырууга аракеттениптир. Аларга жана Бекболот Талгарбековдун ким экенине төмөнүрөөктө токтолобуз, алгач анын маегиндеги чындыкка жакындабаган оркойгон апыртмаларга, калптарга көңүлүңүздөрдү бургубуз келет.

Талгарбековдун айныган калптары

Ал ыгы келсе да келбесе да, ички логикалык байланышы болбосо да мисалдарды келтирип, мактанганды жакшы көрөт. “Кыргызстанда 1994-2000-жылдары экономика өсүү жолунда гана болгон” деп айтыптыр уялбай. Патрону Аскар Акаев экөөсү өнөр жайынын, айыл чарбасынын эч нерсесин калтырбай талкалап, таркатып, жүз миңдеген адамдарды көчөгө айдап чыгарып салышса, кайдан өсүү болот? Апыртманын да чеги болуш керек. Эгерде 1990-жылы өлкөнүн  ички дүң жыйымы (ВВП) ар адамга бөлө  келгенде 3280,67 рублди түзсө, 2000-жылы 268,75 рублге түшүп калса, кайдагы өсүштү айтып жатат? Мүмкүн, Б.Талгарбековдун түшүнө өсүштөр  киргендир, ал анын психикалык маселеси, бирок  кыргызстандыктардын өңүндө  кыйраткыч артка кетүүлөр гана болгон. 1990-жылы 6,2 миллиард рублдик  (10 миллиард долларлык)  өнөр жай продукциялары өндүрүлсө, ал 2000-жылы  1 миллиард рублге да жеткен эмес. Өнөр жайынын негизги 26 түрүнун 7 түрү боюнча продукцияларды чыгаруу биротоло токтогон, ал эми калган түрлөрүндөгү артка кетүүлөр (электр энергияларын өндүрүүдөн башкасы) 3 эседен 30 эсеге чейин жеткен. Республиканын Усубалиевдин убагындагы 1,5 миллиард  рублдик (Союздук түз каржылоолорду кошкондо 3 миллиард) же  баардыгы 5 миллиард долларлык бюджети  Акаев качып кеткен жылы  500 миллион долларды гана түзсө, кайдагы өсүштү  айтып жатат?

Акаев менен Талгарбековдун “реформалары” кыргыз эли үчүн 1916-жылдагы геноцидден кийинки эң чоң апаат болгон. Андай адамдардын бирөөлөргө акыл үйрөтмөк түгүл, биздин арабызда жүргөнгө моралдык укуктары жок. Талгарбеков күкүктөй болуп өз “корозу” качкын Акашкасын мактай берсин, ал өзүнүн иши, бирок экөөсүнүн кыйраткыч реформаларын жон терисинен өткөргөн элди да алдайм дегени гана  кыжырыбызды келтирүүдө. Башкаларын эстен чыгарса да ошол убакта кара нан менен суу майга зар болушкандар эки желмогуздан тарткан азаптарын унутушпайт.

Кыргызстандын “Центеррадагы” үлүшү  адегенде 67 пайызга жакын болсо, аны Акаев 17 пайызга түшүрүп качып кеткен. Бакиевдин убагында ал 26 пайызга чыгарылган. Ал эми Садыр Жапаров көп жылдардан бери убада кылып келаткандай Кумтөр алтын кенин улутташтырып, толугу менен мамлекетке өткөрдү. Мына ушуну көрүп туруп Талгарбековдун “... узак убакыт (30-40жыл) биз “Центеррадагы” 26 пайыз үлүшүбүздөн пайда көрүп турмакпыз. Ал үлүштөн кур жалак калдык. Экологияга келтирилген зыян (3,5 миллиард доллар) кийинки муундун, бийликтин мойнуна жүктөлүп калды. Бул келишим чыккынчылык болгонун жакынкы эле келечек тастыктап берет” дегени да экономиканы жакшы түшүнбөгөндөрдүн баштарын айландыруу үчүн айтылгандардан. Чечмелейли. Биринчиден, “Центерранын” кирешесинин 80 пайыздан ашыгын Кумтөрдөн өндүрүлгөндөр түзчү. Кумтөрсүз “Центерранын” көрнөгү эле калбаса, заты калбады. Өзүңүздөр таразалап көрүңүздөр, мындай шартта койдун этинин төрттөн бирин алган пайдалуубу же анын он эки жилиги  менен толугу менен колго тийгени артыкпы? Бизге Кумтөр толугу менен колго тийди. Бул биринчиси. Экинчиден, Кумтөр мамлекетке өткөрүлгөндөн кийин экологияга келтирилген  3,5 миллиард долларлык зыян делген “Центерраны” опузалап, бурчка такоо үчүн жасалган акция болгон. Кумтөр мамлекетке өткөндөн кийин ал өз маанисин жоготту. Ал өндүрүлсө, мамлекеттин бир чөнтөгүнөн алып, экинчи чөнтөгүнө салгандай болуп калмак. Андан көрө Кумтөр толук иштетилип, кирешеси бюджетке түшүп турганы жакшы. Мына ушуга негизги басым жасалышы  керек.

Иран Ислам  Республикасын  бизге үлгү катары көрсөткөнүн окугандан кийин,  мамлекет башчысы айткандай, Б.Талгарбековдун акыл эсинде  негативдүү кескин өзгөрүүлөр башталса керек дегендей ойдо калдык. Иран, биринчиден, шариятка негизделген, тоталдык санкциялардан улам экономикасы, элинин социалдык абалы 1979-жылдын деңгээлине түшүп калган теократиялык  өлкө. Иран шарияттын негизинде башкарылат. Аларда негизги азык-түлүктөр, товарлар карточкалар менен таркатылат. Аны чындап эле мээси айный баштаган адам гана Кыргызстанга үлгү катары көрсөтүшү мүмкүн.    Ал жерде оппозиция деген жок, Талгарбековдой, бийликке каршы сүйлөгөндөрдүн баштарын ошол замат алып салышат.

Талгарбеков жѳнүндѳ анекдоттордон

Талгарбеков бир жылдан ашыгыраак Жалал-Абад облусунун губернатору болуп иштеген. Бирок, облусту  башаламан кылып, ал жерде 1992-жылдын октябрындагыдай революциялык кырдаал жарала баштаганда өзү куйругун түйүп качып кеткен. Ал барары менен мурда иштеп жаткан тажрыйбалуу жетекчилерге асылган. Бир нече акимдерди, көптөгөн түзүмдөрдүн  жетекчилерин иштен алдырган. Баарынан да облустун айыл чарба боюнча өзгөчөлүктөрүн билбей, адистерге, элге шылдың болгону, оройлугу үчүн Конкарга атыккан. Президент  ал жөнүндөгү бир окуяны айткан экен, биз дагы экөөсүн кошумчалагабыз келет. Ал өтүрүк сөздөрдөн эмес, ошол убактагы республиканын башкы аграрийинин оозунан чыгып, алиге чейин эл арасында күлкү болуп айтылып келаткандардан.

Пахтанын “парниги”

Талгарбековду  Сузак районундагы бир тамеки парникке алып барышат. Ал аны көрүп чыгып, “баалуу кеңештерин” айтып, анан коштоп жүргөндөргө:

- Эми мага пахта парнигиңерди көрсөткүлө, - дептир.

Гозону картѳшкѳ дегенде

Губернатор Талгарбеков Базак-Коргон районунда жол тандабас көңкөсүндө чалкалап келатып, жол жээктеринде тизе бою көтөрүлүп калган гозо аянттарын көрүп, жанындагы акимге:

- Оу, быйыл Базар-Коргондуктар картөшкөнүн алдында калат турбайсыңарбы. Картөшкөңөр аябай жакшы экен,- дептир.

Аксылыктарга алы жетпей калганда

Губернатор барары менен ошол убактагы Аксы районунун акими Кеңеш Ибраимовго катуу асылган. Ал аны кызматтан алдыруу жөнүндө облустук адиминистрациянын коллегиясында эки ирет токтом чыгартып, районго бир айлык түз губернаторлук башкаруу да киргизген. Сыягы, ал аксылыктар агайы Акаевди кийин кетиргенге себепчи болорун алдын ала сезип, алдын ала өч алгысы келсе керек. Бирок, канча аракет кылса да, премьер-министр Апас Жумагуловду өзүнө тарапкер кылып шыкактаса да аны кызматынан ала албай койгондон кийин өзү кызматынан кеткен.

Мына ошол аксылык акимге кастарын тигип, андагы көзүнө көрүнгөндөрдүн баарын сындап жүргөндө райондук активде адатынча оолуга  сүйлөп жатып:

- Силерден шарты бир нече эсе начар Ала-Бука районундагылар... - деп жиберет.

Ошондо залдагылар ызы-чуу түшүп, айрымдары жер тепкилеп киргенде губернатор мырзанын көздөрү алактап, трибунадан түшө качканга шашат. Анткени, жер шарты, суу менен камсыз болушу жагынан Ала-Бука району облустагы эң жакшы дегендерден. Ошол убакта Аксы районундагы сугат жерлер 7 миң гектардан ашпаса, калкы кыйла аз Ала-Бука районундагы ишенимдүү  сугат аянттары 30 миң гектарга жакын болчу. Биз муну эмне үчүн айттык? Губернатор болуп дайындалгандан кийин Б.Талгарбеков райондордун ички абалына да кызыгып, талдап, жок дегенде алдын ала кагаздарды чогултуп, даярданып да алчу   эмес, ошон үчүн кайсыл жерге барбасын өйдө-төмөн сөздөрдү айтып, элге шылдың болуп, кыжырларын келтирип гана жүрчү.

Эми анын “реформасына” келсек, ПЕСАКтын планы менен республиканын өнөр жайы түп тамыры менен талкаланса, Талгарбеков айыл чарбасына андан да чоң зыян келтирди. Же товардык өндүрүшкө негизделген тармакты реалдуу башкарууга мүмкүн болбогон, гранттардын, кредиттердин эсебинен гана “жаны чыкпай” келаткан мануфактуралык тармакка айландырды. Азыр мурдагы совет мезгилиндегидей  жүз миңдеген тонналаган пахта, эт, жүн, он миңдеген тонналаган беде уругу сыяктуу товардык продукцияларды өндүрүп, Өзбекстанга окшоп ири көлөмдөрдө экспортко чыгарууга  мүмкүн эмес. Анткени,  аттары болгон менен заттары жок, 250 миңге жакын дыйкан, фермер чарбалары өздөрүнүн күнүмдүк тиричиликтери үчүн гана жашылча, бахча, мөмө-жемиш сыяктуу  продукцияларды өндүрүшөт. Аларды чогултуп, дүңүнөн экспорттоонун механизми жок. Ал колхоз-совхоздор менен кошо кыйраган. Практикалык жактан аны кайра калыбына келтирүүгө мүмкүн эмес. Тамеки, пахта,беде уругу, пилла сыяктуу стратегиялык мааниси бар продукциялар жылдан жылга азайып, жок болуп баратат. Мына ушундай шоркелдей  “реформаны” ишке ашырып, элдин каргышына калган адамды айыл чарбасына экинчи жакындатуу – кудай алдындагы кечирилгис күнөө болмок.

 

Эки досту кайраштыруудан кандай пайда тапкысы келип жатат?

Талгарбековдун интервьюсунун максаты - эки досту кайраштырып, кагыштыруу экени адегенде эле көзгө түшөт. Ага чейин кимдер мындай аракеттерди жасашпады, бирок кудайга шүгүр, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин достугун эч ким буза албады. Азап-тозоктордо чыңалып, абакта ширелген достукту бузуу кыйын. Ал рюмкаларды кагыштырып, анын градустарынан жаралган  АША менен Сооронбай Жээнбековдун ымаласы эмес. Анын үстүнө аны АША достук деп деле эсептеген эмес, Сокебизди тактеке катары пайдаланып, көшөгө артынан жасаган былыктарымдын баарын ага төңкөп салам  деп гана ойлогон. Ал пайдубалы жаман максатта түптөлгөн тандем өттү, кетти, мында Талгарбековдун аракеттеги президенттин  эл башкарганга тажрыйбасы жетишпейт, бир чакан жамаатты да башкарган эмес дегенине келе турган болсок, ал эки жылга жакын убакыттан бери мамлекетти жакшына эле башкарып жатат. Ал эми Талгарбековдун эсинен өзү кенже илимий кызматкер болуп жүргөн жеринен министрдин орун басары, министр, айыл чарбасын башкарган вице-премьер-министр, губернатор  болгону   чыгып кетти бекен?

Ал Камчыбек Ташиевди “шакиртим” дептир, бул да чектен чыккан уятсыздык. Камчыкебиз бир күн да айыл чарбасында иштеген, Талгарбековдун кыйраткыч “реформаларына” аралашкан эмес. Ал эми саясатта болсо, Б.Талгарбековдон жүз эсе таасирдүү, салмактуу адам. Кыргызстандагы экинин бири. Ал эми Талгарбеков деген ким? Артында бир автобус толгудай да ишенимдүү электораты, колдоочусу жок, бирде бул жээкте болсо, бирде тигил жээкке өтө качкан жолбун саясатчы атпайлардын бири. Кокус, Садыр Жапаров анын өтүнүчтөрүн аткарса, ал аны мактай берип, элдин баарын жадатмак. Бирок, өтүнүчтөрүн четке каккан экен, жамандай берип жадатканы жатат. Айрымдарда абийир, ар намыс, уят болбосо, демократияга жамынып алып алжый беришет экен, аны көрүп жатабыз. Биздеги оппозициячылдарбыз дегендер-кыйыр түрдө кызмат сурап жалдыраган бечаралар. Аларды Акаев менен Бакиев ошого көндүрүп кетишкен. Андайларга ишенген экөөсүнүн тагдырлары эмне болду?

Сөзүбүздүн аягында “жакшы төрөлгөн оңой, бирок жакшы каруу кыйын”, ал үчүн адам өзүн сын көз менен карап, сөздөрүнө, баскан-тургандарына чейин көзөмөлдөп жүрүшү керек, антпесе биздеги маалымдуулук, демократия деген айныган абышка-кемпирлердин калжыңдарына,  арман-асиреттерине айланып баратат деп жыйынтыктагыбыз келет.

Автандил Белеков