- Камчыбек Кыдыршаевич, саламатсызбы! Сѳзүңүзгѳ туруп, маек үчүн убакыт тапканыңызга ыраазычылык билдирем. Сѳзүбүздү акыркы окуялардан баштасак. Саясат таануучу Марат Казакпаев СИЗОдо бир жылдан ашык кармалды. Туугандары аны кармоонун мѳѳнѳтү бузулганын айтышууда. Азыр саясий лидерлер анын ѳлүмү сиздин абийириңизде экенин белгилешип, атүгүл сиздин кызматтан кетүүңүздү талап кылышууда. Сиз буга кандай комментарий бересиз? Казакпаев тарабынан мекенге чыккынчылык болгон беле?

- Бир нерсени баса белгилеп кетейин. Учурда айрым саясатчылар адам өлүмүнөн да саясат жасашып, элге туура эмес маалымат таркатып, дүрбөлөң салышууда. Мисал катары саясатчылар Жылдыз Жолдошова менен Равшан Жээнбековду атап кетсек болот. Алар саясат таануучунун өлүмүнө УКМКны түздөн-түз айыптап, “Казакпаевге медициналык жардам алууга жол беришкен эмес” деген таризде туура эмес маалымат айтууда. Бул эч кандай чындыкка дал келбейт. Алардын билдирүүсү Кылмыш кодексинин 363-беренесине ("кылмыш кылынганы боюнча атайылап жалган маалымат таратуу") туура келет. Жашырганда эмне, аты аталган саясатчылар Казакпаевдин мезгилсиз дүйнѳдѳн ѳтүүсүн ѳзүнүн саясий максаттары үчүн пайдаланууда. Р.Жээнбеков да, Ж.Жолдошова да адам ѳлүмүнѳн да саясат, пиар жасоо менен ѳздөрүнүн моралдык беделинин тѳмѳндүгүн кѳрсѳттү.  

М.Казакпаевге козголгон кылмыш иши боюнча айта турган болсом, 2019-жылы анын иш-аракеттери УКМК кызматкерлеринин байкоосуна алынган. Ошого байланыштуу 2019-жылдын 23-сентябрында М.Казакпаевге карата Кылмыш кодексинин 307-беренесинин 1-бѳлүгүнүн ("чыккынчылык кылуу") негизинде тергѳѳ амалдары башталган. Тагыраак айтканда, кылмыш иши бизге чейин эле козголгон. 2021-жылдын апрелине чейин кылмыш ишинин алкагында оперативдик, иликтѳѳ, техникалык иш чаралар ѳткѳрүлүп, тергѳѳ иштери жүргүзүлгѳн. Мындай иштердин баары М.Казакпаевдин аталган кылмыш ишине катыштыгы бардыгын аныктоого багытталган. 2021-жылдын 13-апрелинде анын кылмышка катыштыгы боюнча айныксыз далилдер табылгандан кийин гана Казакпаев УКМК тарабынан чакырылган.

Белгилей кетчү нерсе, 2022-жылдын 1-мартынан тартып М.Казакпаевдин ѳзүнүн каалоосу менен жактоочусунун катышуусунда күнѳѳсүн мойнуна алуу боюнча макулдашуу түзүлгѳн. Биринчи Май райондук соту тарабынан белгиленген соттук отурумда күнѳѳсүн мойнуна алган. 2022-жылдын 10-мартында М.Казакпаевге козголгон кылмыш ишинин ѳндүрүшү токтотулуп, иш Биринчи Май райондун сотуна жѳнѳтүлгѳн. 

Коомчулуктун кѳңүл борборунда экенине карабай, Казакпаевге козголгон кылмыш ишинин деталдарын ачууга, коюлган айыптоонун маңызына жетүүгѳ мүмкүн болбой жатат. Анткени, кылмыш ишине “ѳтѳ жашыруун” грифи берилген. 

- Демек, биз ал кайсы ѳлкѳнүн пайдасы үчүн кылмыштык аракеттерге барганын да биле албайбызбы?

- Аны билүүгѳ болбойт. Себеби, эки ѳлкѳнүн дипломатиялык алакасына доо кетип калышы ыктымал. Бул боюнча жактоочусу жакшы билет. 

Казакпаевге медициналык жардам берүү боюнча кайрылуу тууралуу айтайын. Ал 2021-жылдын 14-апрелинен тартып УКМКнын тергѳѳ изоляторунда кармалган. Кылмыш иши өндүрүшү тергелип бүтүп, 2022-жылдын 10-мартынан тартып Биринчи Май райондук сотуна ѳткѳрүлүп берилгенден кийин, алардын карамагына өткөн, бизде кармалып гана турган (содержант). Тергѳѳ абагында кармалып турганда, Казакпаев УКМКнын дарыгерлеринин тыкыр кѳзѳмѳлүндѳ болуп, тиешелүү медициналык жардамдар убагында кѳрсѳтүлүп турган. 2022-жылдын 19-апрелинде кѳзүүнүн кѳрүүсү начарлап калганы боюнча кайрылуу түшүп, окулист-врачтардын кароосуна алынган. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы менен оң кѳзүнѳ диагноз коюлган. 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталдын №1 кѳздүн хирургиясы бѳлүмүндѳ  стационардык дарыланууга жаткырылган. Аны ал жерде Саламаттыкты сактоо министрлигинин кардиолог-врачы медициналык кароодон ѳткѳргѳн. Б.а. М.Казакпаев туугандарынын, жактоочусунун кайрылууларынын негизинде 22-апрелден 19-майга чейин ооруканада болгон. Биз  тарабынан кайрылуулардын бирѳѳсү да четке кагылбайт. Тергѳѳ изоляторунда жаткандардын туугандары, жакындары ден соолугунун начарлап кеткенине, ыкчам медициналык жардам кѳрсѳтүү боюнча кайрылышса, биз дароо реакция кылып, тиешелүү медициналык мекемелердин бирине жѳнѳтѳбүз. Ошол эле А.Жээнбеков, А.Сегизбаев, Т.Зулпукаров, Ѳ.Бабанов, Д.Нарынбаев ж.б. кимдер болбосун, бардыгына медициналык жардамдар убагында кѳрсѳтүлүп турган. 

2022-жылдын 25-майында М.Казакпаев Миррахимов атындагы кардиология борборунда комплекстүү медициналык кароодон ѳткѳрүлгѳн. Жыйынтыгында врач адистердин консилиуму ѳткѳрүлүп, ага медикаментоздук дарылоо дайындалган. Врачтардын консилиуму аны ооруканага жаткыруунун зарылчылыгы жоктугун, УКМКнын тергѳѳ изоляторунда калтыра берсе болорун билдиришкен. 

2022-жылдын 9-июнунда эртең менен М.Казакпаевдин ден соолугу кескин начарлап кеткенине байланыштуу УКМКнын администрациясы тарабынан тез жардам чакырылып, Бишкек шаарындагы №1 клиникалык бейтапканасына жаткырылган. Анын эртеси ал ѳзүнѳ келбей кѳз жумду. Биз анын ден соолугуна убагында кам кѳрүп, медициналык жардамдарды кѳрсѳтүп турганбыз. Тергѳѳ изоляторунун башчысы күн сайын мага маалымат берип турат. 9-июнда эртең менен саат жети жарымдарда келип, Казакпаевдин ден соолугунун кескин начарлап кеткенин билдирген. Ошондо ал эс -учуна келбей жаткан абалда экен. Мен дароо ооруканага жеткирүү боюнча тапшырма берип, токтоосуз аткарылган. 

Айрымдар Казакпаевге карата кыйноолор болгонун айтып жатышат. Андай эч качан болбогон, болушу да мүмкүн эмес. Бир нерсени айтып кетейин, ири ишкерлерге, саясатчыларга, ири чиновниктерге карата сот иштери жүрүп атканда, алардын баары УКМКнын тергѳѳ изоляторунда кармалууну суранышат. Анткени, мында уруп-согуу, кыйноо, басым жасоо деген нерселер болбойт. СИЗОнун ичи, сыртында видео камералар орнотулган. Кимдер келип, кетип атканы, кимдер менен жолугушкандарынын баары камерага тартылат. 

- Ошондо Казакпаевдин ѳлүмүнүн себеби эмнеде? Ал чындап эле катуу ооруп калып, медицина жардам бере албай калдыбы?

- Биз аны куткарып калуу үчүн аракет кылдык. Мен ар бир адамдын СИЗОго камакка алынуусун оор кабыл алам. Себеби, ал жакта ѳзүм да болгондуктан, кандай экенин билем. Ал жакта шарттар жок деп айтпайм, бирок кырдаалдын ѳзү кармалган адамга психологиялык, моралдык басым кѳрсѳтпѳй койбойт. Эгерде кимдир бирѳѳлѳрдүн оорулары болсо, мындай шартта алар козголуп, күчѳп кетиши толук мүмкүн. Ошондуктан биз СИЗОдо кармалган ар бир адамдын ден соолугуна тыкыр кѳз салып, оорусу күчѳсѳ, абалы оорлошсо, дароо ооруканага жактырабыз. 

Казакпаевге байланыштуу соттук иштер боюнча да маалымат берип кетейин. 2022-жылдын 10-мартында Казакпаевдин жактоочусунун арызынын негизинде соттук отурум жылдырылган. 6-апрелде кайрадан жактоочусунун ѳтүнүчү менен  жылдырылган. 19-апрелде  дагы соттук отурум болгон эмес. Соттук отурумдар ѳздѳрүнүн ѳтүнүчтѳрү менен  жылдырыла берген. Ага соттук отурумдардын катышуучуларынын бош эместиктери себеп болгон. Ал эми 2022-жылдын 29-апрелинде Казакпаев стационардык дарыланууда болгонуна байланыштуу соттук отурум дагы жылдырылган. 31-майдагы соттук отурумда Казакпаев менен жактоочусу күнѳѳсүн мойнуна алуу боюнча макулдашууну колдогон билдирүү жасашып, соттук отурумду 10-июнга жылдырышкан. Ал тергѳѳ иштеринин жүрүшүндѳ да, сот залында да күнѳѳсүн мойнуна алган. Күнѳѳнү мойнуна алуу каралчу жазаны жеңилдетет. Менимче, алар сот тарабынан берилчү жазаны жумшартууну каалашса керек. 

Мында белгилей кетчү жагдай, Казакпаевге козголгон кылмыш ишин кароо процесси коргоочулар тарабынан создуктурулган. Ошондой эле 2022-жылдын 10-мартынан кийинки Казакпаевге карата кѳрүлгѳн баш коргоо чаралардын бардыгы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун компетенциясында болгон. 10-марттан баштап  кылмыш иши биздин карамагыбызда болгон эмес. Кандай баш коргоо чарасын кѳрѳрүн Биринчи Май райондук соту гана чечип калган. 

- Оппозиция ѳкүлдѳрүнүн “Казакпаевдин ѳлүмүнѳ бийлик күнѳѳлүү” деп айткандары менен макул эмес экенсиз да?

- Албетте, алардын баары эч кандай чындыкка дал келбеген сѳздѳр. Ушул боюнча да айтып кетейин, азыркы учурда Башкы прокуратура Казакпаевдин ѳлүмү боюнча текшерүүлѳрдү баштады. Башкы прокуратурага бардык зарыл материалдар берилди. Эгерде коомдук комиссия түзүлсѳ, УКМК аны кабыл алууга, бардык маалыматтарды берип, биргеликте иш алып барууга даяр. Казакпаевдин ѳлүмү боюнча биз баарына ачыкпыз. Саясат таануучунун ѳлүмүн Р.Жээнбеков, Ж.Жолдошева сыяктуу саясатчылар ѳздѳрүнүн арам саясий максаттары үчүн пайдалангылары келишсе, алар катуу жаңылышат. Аларга “адамдын ѳлүмүнѳн саясат жасабагыла” деп кеңеш бергим келет. Албетте, адам ѳлүмү болуп кетти, ѳкүнүчтүү окуя. Мен атайын кызматтын жетекчиси катары маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен кѳңүл айтам. 

- Сиз ѳзүңүз бул иш менен жакындан таанышып кѳрдүңүзбү?

- Мен бир дагы иш менен жакындан таанышпайм,  иликтѳѳгѳ албайм, себеби, мен атайын кызматтын жетекчисимин. Ишти тергѳѳ органдары менен прокуратура иликтейт.

- Анын күнѳѳсү далилденгенине толугу менен ишенесизби?

- Албетте. Башка ѳлкѳнүн кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылуу кылуу – оор берене, этияттык менен мамиле кылчу иш. Мындай иштер аябай тыкыр, дыкат, тереңден иликтѳѳгѳ алынат. Андан кийин гана чечим кабыл алынат. Бул ѳлкѳ ичиндеги кѳп кылмыш иштеринин бири эмес. Дагы  кайталап,  баса белгилеп кетейин, Казакбаевге кылмыш иши 2019-жылы козголуп, ал 2 жылдан ашык убакыт УКМКнын катуу кѳзѳмѳлүндѳ, байкоосунда  болуп келген. Тыңчылык иштери менен алектенерине  далилдер табылгандан кийин гана кармалган. 

- Бир чети каң калычтуу. Кыргызстанда мамлекеттик жашыруун сырлар, маалыматтар калганбы? 

- Силерге Кыргызстанда жашыруун мамлекеттик маалыматтар жоктой сезилиши мүмкүн. Бирок бизде мамлекеттик сырлар, купуя маалыматтар кѳп. Башка ѳлкѳлѳрдүн тыңчылары ал маалыматтарды алууга, ээ болууга, ѳздѳрүнүн максаттары үчүн пайдаланууга  дайыма аракет кылып келишет. Ошондуктан биз суверендүү мамлекет катары андай маалыматтарды коргоого милдеттүүбүз. Бул башка саясат таануучуларга сабак болушу керек. Саясий серепчилер, саясатта жүргѳндѳр ѳлкѳнүн кызыкчылыктары менен ойнобош керектигин эч качан унутпоолору зарыл. 

- Маектин башында Р.Жээнбековдун билдирүүсү Кылмыш кодексинин 363-беренесине туура келерин айттыңыз. Ошондо ага кылмыш иши козголобу? Же сиз эскертүү бердиңизби?

- Мен УКМКнын түзүмдѳрүнѳ Р.Жээнбековду чакырып, ага расмий түрдѳгү эскертүүнү колуна берүү боюнча тапшырма бердим. Иштин чоо-жайын билбей, маалыматка жетиштүү ээ болбой туруп, минтип туура эмес маалыматтарды таркатууга болбой турганы ага эскертилет. Ал эч нерсени билбей эле билдирүү жасап атат. Бул негативдүү кесепеттерге алып келиши ыктымал.

Маектешкен Лейла Саралаева