Жогорку Кеңештин 2-июнундагы жыйында депутат Адахан Мадумаров менен УКМК тѳрагасы Камчыбек Ташиевдин катуу кайым айтышуусу коомчулуктун кѳңүлүн ѳзүнѳ бурду. Саясий маданият, этика унутулуп, чектен чыгып кетишкенин сынга алгандар болууда. Парламенттин табияты ушундай тура, маал маалы менен буга окшогон кѳрүнүштѳр орун алып турат экен. Ал жагдайга анчалык маани берип, саясатташтыруунун кереги жоктой.
А.Мадумаров менен К.Ташиев ѳлкѳдѳгү ири калибрдүү, салмактуу саясатчылар болуп эсептелет. Экѳѳсү тең элдин, ѳлкѳнүн кызыкчылыгы үчүн айтышып, жаакташканында талаш жок. Бизди кызыктырганы, экѳѳсүнүн кимиси кыргыз эли, Кыргызстан үчүн эмне кылды?
Албетте, К.Ташиевдин элге, ѳлкѳгѳ кылып келаткан иштерин санасак, санак жетпесе керек. Чоң саясатка келгенге чейин жардамга муктаждарга жардам колун сунуп, тапканын эл менен бѳлүшүп, кѳптѳгѳндѳрдүн ажаатын ачып, ѳзүнүн кичи мекениндеги кѳйгѳйлѳрдү чечип берип келген. 2010-жылдагы Ош окуясынын очогунда жүрүп, ондогон, жүздѳгѳн ѳмүрлѳрдү сактап калууга арачы, тынчыкты орнотууга, элдин жай турмушун камсыз кылууга гарант болуп жүргѳнүн кыргыз эли жакшы билет. Тилекке каршы, ошол кезде А.Мадумаровдун кайда болгонун ѳзүнүн башка эч ким билбейт.
УКМК тѳрагасы катары К.Ташиев коррупция менен күрѳшүүнүн зор үлгүсүн кѳрсѳтүүдѳ. Ондогон адамдар «кустурулуп», миллиарддаган сомдор бюджетке кайтарылды. Ондогон кыймылсыз мүлктѳр мамлекеттин карамагына ѳткѳрүлүп, жалпы элге кызмат кыла баштады. Чек ара маселелерин тескѳѳчү кызмат адамы катары делимитация жана демаркацияны аягына чыгарууда. Ѳлкѳбүздүн бир метр да жерин бербей, улуттук кызыкчылыкты баарынан жогору коюуда.
Коронавирус күч алган пандемия маалында жүздѳгѳн, миңдеген жарандарга жардам берип, дары-дармек, тамак-аш жагынан колдоолорду кѳргѳздү. Элди коронавирустан сактанууга чакырып жүрдү. Ал эми бул мезгилде Адахан мырза беткап тагынбагыла деп элге каршы иш-аракеттерди кылып жүргѳнү маалым.
Ток этерин айтканда, салыштырууга деле мүмкүн эмес экен. Камчыбек Ташиевди эстегенде анын кѳптѳгѳн жакшы иштери эске келсе, Адахан Мадумаровдун чечендиги, буудай кууруган тили гана эске келет экен.