Президент Садыр Жапаров "Азаттыкка" берген маегинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Адахан Мадумаровдун парламент жыйынындагы кайым айтышуусу боюнча пикирин билдирди.

“Мадумаров мамлекетчил эмес. Мамлекетиң эмне болсо ошол болсун, мен балп дедирип сүйлөп коюп элге жаксам болду деген популист саясатчы. Эл деле анын мүнөзүн билип бүттү. Азыр дүйнө боюнча бардык өлкөлөрдө кризис болуп атат. Муну баарыңар көрүп турасыңар. Биз колубуздан келишинче өлкөбүздө тамак-аш тартыштыгы болбосун деп болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Ошол үчүн сыртка чыгып кетпесин деп катуу көзөмөл кылып жатабыз. Бул ишти УКМК көзөмөлдөп жатат. Бул алардын түздөн-түз милдети. Коопсуздук деп аты айтып тургандай эле бардык жактан коопсуздугубузга УКМК жооп берет. Албетте коюлган постто кызматкерлер таптаза иштеп жатат дегенден алыспыз. Баарын 100 пайыз көзөмөл кылуу кыйын. Адамдык фактор деген болот. Бирөө жарым тыйын сурашы мүмкүн. Андайларды кармап келип камап атышат. Көрүп атпайсыңарбы. Ал эми аткезчилик 90 пайыз токтоду. Эгер токтотпосок тамак-ашка баалар өзүбүздө асмандын башына чыгат. Анда да кооз сүйлөп кыйкырып чыгат. Камчыбек Кыдыршаевичтин жаны ачышып кетип анан катуу жооп берди. Аны туура эле түшүндүм”, - деп айткан Садыр Жапаров.