Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламенттер боюнча комитети “Элдик курултай жөнүндө” конституциялык мыйзамынын долбоорун биринчи окууда карады. Ал институтту түзүү боюнча идея бир нече жылдардан бери коомдук уюмдар, саясатчылар тарабынан демилгеленип, 2021-жылдын 9-апрелиндеги жалпы элдик добуш берүүдө Баш мыйзамга байкоочу жана кеңеш берүүчү орган катары  киргизилген. Ага ылайык, жер-жерлерде делегаттар шайланып, алар ар эки жылда өздөрүнүн республикалык курултайларын өткөрүп, өлкөдөгү маанилүү маселелерди талкуулап, сунуштарын, кеңештерин, жогорку бийлик органдарына берип туруулары керек.

Курултай институту жаңы эмес, Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн 1936-жылдын аягына чейин республика курултай институту аркылуу башкарылып келген. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан өкүлдөр шайланган, алар райондук жана шаардык, анан облустук  жыйындарын өткөрүшүп, анан акыркысында республикага өкүлдөрдү шайлашса, алар өз жыйынында Борбордук Аткаруу Комитетин түзүшкөн, анда  Эл комиссарлар Советинин төрагасы (премьер-министр) тандалып, министрлер, ведомстволордун жетекчилери, бюджет, кийинки жылдардын экономикалык, социалдык пландары  ж.б. бекитилген. Кыргыз ССРи түзүлгүчө баардыгы болуп алты курултай өткөрүлгөн. Анда Курултай эң жогорку башкаруу органы болсо, азыр ал байкоочу жана кеңеш берүүчү орган катары киргизилгени жатат. Толук легитимдүу парламент, жарандык коом, өнүккөн укуктук система турганда анын зарылчылыгы барбы, жокпу, ал өлкөдөгү саясый, экономикалык жана социалдык маселелерди обьективдүү талкуулап, бийлик органдарына калыс сунуш-кеңештерин берип туруучу платформага айланабы же  жергиликтүү Жириновскийлердин ич күптүлөрүн чыгаруучу дискуссиялык клубка айланып кетеби же бийликтегилерди жерге-сууга тийгизбей мактап, жактап туруучу  орган болобу, булар жөнүндө көп жылдардан бери ар кандай ойлор айтылып келет, биз алардын баардыгында чындыктын үлүшү бар экенин моюнга алуубуз керек. Анткени, курултайдын өкүлдөрү жергиликтүү жыйындарда шайланат, демек аларды тандап, аттап-тондоодо жергиликтүү бийлик органдарынын таасирлери аябагандай чоң болот. Эч бир жергиликтүү бийлик органы өзүнө каршынын өкүл болуп шайланып, анан Курултайда өзүн саймедиреп сындап турушун көргүсү келбейт. Бул жагынан алганда Курултай аны демилгелегендердин каалагандарындай, калыс, обьективдүү ойлорду, сунуштарды айткан  көз карандысыз өкүлдөрдүн эмес, дүжүр балдардын, чалдардын, айымдардын тобуна айланып кетиши толук мүмкүн. Россиянын даңазалуу экс-премьер-министри В.Черномырдин  “жакшы болот деп ойлодук эле, бирок мурдагыдай эле болуп калды” деген жыйынтык чыгуу коркунучу да бар.

Бирок, Баш мыйзамга киргизилгенден кийин Курултай институту ага ылайык  түзүлүүсү зарыл. Депутат Гуля Кожокулованын айтымында, мыйзам долбоорунун 7-беренесинде  жергиликтүү кеңештердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенцияларына тийштүү нормалар бар экен. Ал, албетте, туура эмес. Анан азыркы мезгилде айылдык, райондук, шаардык, облустук курултайларды өткөрүүнүн зарылчылыгы барбы? Биздин оюбузча, анын кереги жок. Ал ашыкча чыгымдарды гана  талап кылат, жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык  бийлик органдарынын өз алдынча иштөөлөрүнө жолтоо болот. Ошондуктан мыйзамга республикалык Курултай гана киргизилип, анын өкүлдөрү  айыл аймактарынан, ошого окшош бирикмелердин жыйындарында түз шайлануусу зарыл. 1925-1936-жылдардагыдай эч кандай башкаруу функциясы, ыйгарымы болбогондон кийин Курултайды  райондук, шаардык, облустук баскычтарга бөлүүнүн зарылчылыгы жок. Эгерде андай боло турган болсо, парламентти жоюп, анын функциясын 1925-1926-жылдардагыдай, Курултайга, ал шайлаган БАКка өткөрүп берүү керек. Каатчылык туш тараптан алкымдап келатканда бири-бирин кайталаган органдарды көбөйтүүнүн кереги жок.

Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити