Президент С.Жапаров өз кызматын аткарууга киришер замат чыгарган Жарлык “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндө” деп аталган. Андан кийин салттарды жана ысык-суук мааракелердеги үрп-адаттарды карманууда ашыкча ыгым-чыгымдарга жол койбоо жөнүндө Жарлыгы чыккан. Мына эми бир нече күн мурда “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыгын чыгарды.
Улуттук нарк жөнүндө түшүнүккө элдин көп жылдардан бери калыптанган каада-салттары, үрп-адаттары, менталитети, ар-намыс жөнүндө түшүнүгү, маданияты, адеп-ахлактык нормалары кирет. Кыргыз эли өзүнүн жыйырма беш кылымдык тарыхында мыйзамдарсыз, ошолордун аркасы менен эле ички, сырткы мамилелерин жөнгө салып жашап келген. Дегиңкисинде, башка элдерде деле салт, адат негизги ролду ойнойт. Чыгыштын улуу акылманы Конфуций бекеринен “Ритуал - адамдан да кымбат” дебеген. Ритуалды мында салт деп түшүнсө болот. Бирок, алардын канчасы эскирди, алардын орду не деген жаңы нормалар менен толукталды? Канчасы өз маанисин жогото элек? Булар ар муундун өкүлдөрү тарабынан инвентаризацияланып, сыдыргыдан өткөрүлүп, талданып туруусу керек. Салт жаңырмайынча, эл жаңырбайт.
Мамлекет башчынын нарктуулук үй-бүлөдөн башталарын баса белгилеп, үй-бүлөлук баалуулуктарды бекемдеп, жайылтууга көңүл бурганы калетсиз. Чынында эле балдары ата-энесинин сөздөрүн укпай, алар карманган салттарды, адаттарды, тилин, маданиятын чанып кеткен жерде кайдан нарктуулук болсун. Үй-бүлөнүн негизги каражаты, таалим-тарбиянын башталышы - тил. Мына ошондуктан Жарлыкта коомдун нарктуу өкүлүн жана нарктуу кызматчысын калыптандырууда мамлекеттик эне тилди өнүктүрүп, колдонулуу чөйрөсүн кеңейтүүгө, тарыхый дөөлөттөргө өзгөчө басым жасалганы жатканын колдойбуз. Бирок, аларды аткаруу аябагандай эле көп мээнетти, түйшүктү талап кыла турган оор иш экени да талашсыз.
Жарлыкта коомчулукту кеңири тартуу менен ушул жылдын 1-сентябрына чейин Улуттук наркты сактоо жөнүндө улуттук программа иштеп чыгуу милдет кылынган. Программаны жаза койсо болот, биринчи, экинчи, үчүнчү президенттердин убагында канчалаган программа, концепциялар жазылбады. Аскар Акаевдин убагында 6 программа, концепция жазылган менен алардын баары кагазда эле калган. Анын акыркысы “Таза ой, таза кол...” деген тазалык жөнүндө болчу. Кийин А.Мадумаров Мамлекеттик катчы болуп турганда “Биримдик аркылуу өнүгүү” деген, негизинен макал-лакаптардын жыйындысынан турган “Кыргызстандын жалпы улуттук идеясы” деп аталган программа иштелип чыкты эле, жарыялангандан көп өтпөй ал да унутулду. Алмазбек Атамбаевдин убагында кабыл алынган Стратегия, концепциялар да ошондой болду. Бул жолу идея же идеология, концепция жөнүндө эмес, этностун негизги регулятору, кан-жанына бекем сиңген нарк-насил тууралуу сөз болуп жатат. Нарк деген түшүнүктү кеңири камтып, анын маанисин элге жеткирип, аздыр-көптүр өз натыйжасын бергидей программаны даярдап, аткарса болобу же ал да көптөгөн жакшы каалоо-тилектердин бири бойдон калабы?
Улуттук нарк деген түшүнүктун алкагы аябагандай кеңири. Орустар “попытаться обнять не объятное” дегендей болуп калбас үчүн, акырындап кезектентип иш жасаган же биринчи кезекте салттарды жана үрп-адаттарды жөнгө салып, анан маданий мурастарга киришип, анан адабият, маданият, искусство ж.б. жааттарындагыларды жолго коюп, же бир баскычтан экинчисине өтүп бара берсе, акырындап маселе жолго коюлмак деп ойлойбуз. Бирок, баарын бир баштап алганга улуттук интеллектуалдык потенциалыбыз, каржылаганга акча каражатыбыз жетишер бекен?
Программадагы негизги милдет - аны аткаруунун механизмдери, каржы булактары, так көрсөтүлүшү, аткаруучулар так жазылышы керек. Ансыз ал жакшы каалоо-тилектердин эле тизмеги бойдон калары талашсыз.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: "Майдан. kg" гезити