Жаңы бийликтин 2010-жылдын июнунда орун алган каргашалуу түштүк тополоңунун чыныгы күнөөкөрлөрүн жазалап, биротоло чекит коюу максатында баштаган иши катуу каршылыктарга туш келүүдө. Биринчи кезекте, ошол күндөрү бийликте турушса да тутанып бараткан отту өчүрүүгө аракет кылып койбогон, а түгүл Кадыржан Батыров сыяктуу сеператисттерге дем-күч берип турган Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү катуу жанталашууда. 

Мисалы, саясий карьерасы бүтүп бараткан, шайлоолордо беш киши топтой албаган Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Улукбек Маматаев, Рита Карасартова ж.б. оппозиция болумуштардын айтуусунда, Кыргызстанда мыйзамсыздык чектен ашып баратыптыр.

“Саясий мотивдер менен кылмыш иштерин козгоо, авторитардык бийликке каршы чыккандарды куугунтуктоо күч алып жатат”,- деп жазат булардын “Бириккен демократиялык кыймылы”. Арасынан эки адам: Бектур Асанов менен Кеңешбек Дүйшөбаев тергелип жаткан кылмыш ишинин фигуранты. Ошол кезде бири губернатор, экинчиси комендант катары түштүк коогалаңынын алдын-алууга аракет кылып койбостон, жашынып жатып алышкан. Айрыкча, Б.Асановдун сеператист Кадыржан Батыровду колдоп, жанында митингде сүйлөп, ага шыкакчы болуп атканын тарых кантип унутат? Күнөөсү бар да, ошондуктан булар эски адатына салып, баарын саясий куугунтукка шылтап, жеңил кутулуп кетүүнү көздөшүүдө.

Түштүк коогалаңы боюнча кылмыш ишинин дагы бир фигуранты - Исмаил Исаков. Кечээ Супер ТВ телеканалынан чыгып алып, сайрады.  Дароо бийликке асылып, мыйзам бузулуп жатканын сайрайт: “Бул жерде экс-президент Роза Отунбаева турат. Анын укуктук аянты биздикине караганда башкача. Булар ошону кошуп жатышат. Бул Башкы прокуратуранын мыйзамды одоно бузгандыгы. Ушинтип жатышса, кайсы мыйзамдуулукту күтөсүң. Анда макамын ал, анан иш козго да. Кимдин кандай мүлкү бар экенин баары билет да”.

Андан кийин, “Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кээде чогулуп турабыз. Убактылуу өкмөт эмес, Ташиев менен да бир-эки жолу сүйлөшкөм. “Жабылат” деген. Акыркы учурда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугуу болбой калды. Биз дайыма чогулуп, сүйлөшүп турчубуз. Текебаев кетип калды. Бирок баары жакшы болот деген ишеним бар”,- деди.

Роза Отунбаева экөө табакташ болгон соң, аны коргоп чыканы түшүнүктүү. Боткону чогуу жасашкан. Бирок, өзүн суудан кургак алып чыгуу үчүн болбогон нерсени дагы чын кылып айта бергени бети жоктук да. Ошол эле Камчыбек Ташиев боюнча. Ал эч качан июнь окуясы боюнча кылмыш ишин “жабылат” деп айта албайт. Себеби, биринчиден, Камчыбек Ташиев 2010-жылы депутат болуп келгенден бери түштүк коогалаңы боюнча ишти аягына чыгаруу турмуштук позициясы экенин айтып келген. Ошол кезде Роза Отунбаевага кайрылып, ачык эле Убактылуу өкмөт бул ишти жаап-жашырып жатканын айтканы үчүн куугунтукка кабылган. Андыктан, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү өз ара “Ташиевди жок кылабыз!”- деп сүйлөшкөнүн Өмүрбек Текебаев айткан.

Экинчиден, бул боюнча тапшырма президент С.Жапаров тарабынан берилген. УКМК аны аткарат. Камчыбек Ташиев ишти кааласа да өз алдынча жаап сала албайт, муну Исаков да жакшы билет, болгону апыртма сүйлөгөндү жакшы көрөт.

Ошентип калп айтуунун арты да жаман болот.

Көрүнүп тургандай, түштүк коогалаңы боюнча айыпталып жаткан саясатчылар баарын саясий куугунтукка шылтап, кутулуп кетүүнү каалашат. Ага бүгүнкү бийлик да, эл дагы жол бербеши керек! Анткени, ал күндөрү жакындарын жоготкондордун дагы чыдоосунун чеги бар...