Россиянын айрым жалпыга маалымдоо каражаттарынын мурдагы Союзга кирген өлкөлөр тууралуу кычытма материалдарды берип туруусу - мурдатан келаткан көрүнүш.

Алар ошол аймактарга, тармактарга жооп берген жазмакерлер тарабынан кокустан даярдалышы же саясый, атайын кызматтын өтүнүчү менен чыгарылышы да мүмкүн. Эгерде акыркылар катышса, Мамлекеттик думадагы, андан сырткары дагы айрым саясатчылар, жазмакерлер Казакстан жөнүндө апыртылгандарды айтып, жазып келишкендей, сөзсүз алардын уландысы болот, алар бир материал менен чектелишпейт. Эгерде бир журналист эле милдетинен кутулуу үчүн же аймактардагы окурмандардын көңүлүн буруу үчүн  аны ойдон чыгарып жаза койсо, аны башкалар түгүл, өзү деле бир жумада унутат. Мисалы, Шайлообек Дүйшеев “Агындыларында” “Агымга” чыккан айрым куйкумдуу маалыматтарды гезитти толтуруу үчүн өздөрү эле ойлорунан чыгарып жаза салышкандарын айткан.

Бул өңүттөн алганда, УКМКнын төрагасы, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жөнүндө ушул жылдын 16-майында “Кыргызстандын коопсуздугу - америкалык кызыкчылыктарды жактаган лоббисттин колунда” деген  “Комсомольская правда” гезитинин сайтына жарыяланган макаласын окудук. Материал албетте, кимдир-бирөөлөр аркылуу атайын төлөнгөн. Максаты – Ташиевди кыргыз бийлик олимпинен алып түшүп алсыратуу, андан кийин президент С.Жапаровду жаманатты кылып, төңкөрүш жасоо болушу ыктымал.

Дароо айтып коюу керек, сайтка жарыялаган материалды Банниковго окшогон башкарма шылуундары акча үчүн чыгарганы анык. Андан Россиянын заказын издөө күлкүлүү. Анткени, азыр Россия менен АКШнын тирешүүсү эң жогорку чегине жетти. Россиянын айрым жетекчилери “биз Украина менен эмес, НАТО, АКШ менен согушуп жатабыз”- деп ачык эле айтышууда. Демек, АКШга каршы материалдар актуалдуу болуп турганда көзөмөлдө турган журналисттер аны каалашса, каалашпаса да аткарышат. Ал эми Украинадагы окуялардан кийин атайын мыйзам кабыл алынып, маалыматтар көзөмөлдөнө баштаганы чындык.

Гезиттеги материалдын чындыкка жакындашкан жери жок. Анда УКМКнын төрагасы “АКШнын кызыкчылыктарынын лоббисти, ал көп векторлуу саясат жүргүзүп, Россия менен шериктештиктен алыстап, Батыштагылар, биринчи кезекте АКШ менен жакындашканга аракет кылууда. Ошон үчүн 9-майда аскердик парад болбоду, ал “Манас” аэропортунда АКШнын базасы турган учурду эңсейт. Кыргызстандын медиа мейкиндигинде, интернетте антироссиялык материалдар көбөйүп баратат”- дегени күлкүнү гана келтирет.

Биринчиден, тышкы саясатты бир да өлкөдө УКМКдай атайын кызматтын жетекчиси аныктабайт. Ал мамлекет башчысынын прерогативасындагы маселе. Экинчиден, Украинадагы окуялардан кийин КМШдагы бир да өлкөдө 9-май кеңири майрамдалбады. Көпчүлүк өлкөлөрдө “Өлбөс полктун” жүрүштөрү да болбоду, ал эми Кыргызстанда анын жүрүшү өттү. Дегиңкисинде, 1960-жылдарга чейин 9-май майрам катары белгиленген эмес, дем алыш күнү да болбогон, аларды Л.Брежнев киргизген. Биз кан майданда набыт болуп, жеңишти алып келгендердин эрдиктерине түбөлүк таазим кылабыз. Бирок, аны жылда аскердик парад менен белгилеген да ашыкча деп ойлойбуз. Андай параддарды Жеңиштин 80-90 жылдыктарында өткөргөн деле жетишет.

Мүмкүн, Кыргызстандын медиа-мейкиндигинде, интернетте антироссиялык маанайдагы материалдар көбөйүп баратканы чын болсо, бизде этникалык украиндер, НПОлор да аз эмесин эске алуубуз керек. Эгерде алар алдарынын жетишинче Украинадагы кандаштарын, тилектештерин колдоп, ар нерселерди жазып жатышса, алардын өздөрүнүн иши. Мыйзамдык алкактан чыгышпаса гана болду. Ал эми АКШнын “Манастагы” аскердик базасынын чыгарылып кеткенине он жылдан ашты. Аны эске салып, саясый коньюнктуралык максатта пайдалануу  реалдуулукка жакындабаган жөн эле куру убаракерчилик. Көп векторлуулукка келе турган болсок, дүйнөдөгү көз карандысыз өлкөлөрдүн баары эле баардык өлкөлөр менен өз ара пайдалуу кызматташтыкка негизделген тышкы саясат жүргүзгүсү келет. Бирок, анын мазмуну башка бир мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы багытталбашы гана керек. Кыргызстан эч качан жакын өнөктөшү, шериктеши болгон Россияга каршы андай саясат жүргүзбөйт. Ал камикадзенин жоругуна тете иш болот.

Мына ушул өңүттөрдөн алганда,  “Комсомольская правданын” аталган материалы чоң саясатка, атайын кызматтарга тиешеси жок,  мүмкүн, ички же сыртта качып жүргөн  күркүлдөрдүн биринин буйрутмасы менен даярдалган  нерсе десе да болот. Аны аталган гезит өз сайтынан тез эле алып салганына караганда бул божомол чындыкка жакын десек болчудай.

Булак: “Майдан. kg” гезити