"Комсомольская правда" басылмасы жакында  УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди Батышка ыктап, Кыргызстан менен Россиянын мамилесин бузгусу келип жатканы тууралуу макаланы белгисиз эксперттердин айтканына таянып жарыялаган болчу. Бирок бир канча сааттан кийин ал макаланы сайттан өчүрүп салышкан. Эми Кыргыз өлкөсү менен Россиянын 30 жылдык кызматташтыгы тууралуу макала чыгарышты. Бул кыязы, буга чейин УКМК төрагасын түз жерден каралоого аракеттенген макала үчүн кечирим сурап, күнөөлөрүн моюнуна алышкандыгы окшойт. Анткени, басылма жарыялаган эки өлкөнүн бекем кызматташтыгынын белгиси катары келтирген аргументтердин кээ бири, мисалы, аскердик техника сатып алуу КР УКМК тарабынан жасалган аракеттер. Ага басым жасоо менен басылма Камчыбек Ташиевдин Россияга болгон позициясы оң мааниде экенин белгилеп өттү. 

Мурдагы жазгандарын жокко чыгарып,  Кыргыз-Орус кызматташтыгынын урунттуу учурларына басым жасаган макаланын кыргыз тилиндеги котормосун сунуштайбыз:

Үстүбүздөгү 2022-жыл Кыргызстан үчүн юбилейлик жыл, республика бир катар өнөктөш мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилейт. Негизги өнөктөштөрдүн бири – Россия Федерациясы менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн мааракеси 20-мартта белгиленди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, эки мамлекетти 1992-жылдагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу келишими, 2000-жылдагы Түбөлүк достук жана союздаштык декларациясы, 2017-жылдагы Союздук жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө декларациясы байланыштырып турат. Жалпысынан Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун келишимдик-укуктук базасы мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык 380 келишимден турат.

«КП-Кыргызстан» Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгындагы эсте калган эң мыкты 4 ири долбоорду чогултту.

ЖККУнун "Кант" базасы

(База Орусиянын Борбордук аскер округунун Аскердик аба күчтөрүнүн жана абадан коргонуунун 2-командирлигинин курамына кирет, бул керек болсо Кыргызстанды тышкы коркунучтардан коргой алат.
Сүрөт: ЖККУнун «Кант» орусиялык авиабазасынын басма сөз кызматы(
 

Орусия менен Кыргызстан ЖККУнун мүчөлөрү болуп саналат, анын максаты буга мүчө мамлекеттердин көз карандысыздыгынын, аймактык бүтүндүгүнүн жана эгемендигинин негизинде тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо болуп саналат.

ЖККУнун алкагында 2003-жылы эки өлкө  Кантта ЖККУнун Жамааттык ыкчам жайылтуу күчтөрүнүн курамында авиациялык бөлүмдү жайгаштырууну макулдашышкан.

Су-25СМ чабуулчу учактары жана Ми-8МТВ-5-1 тик учактары жайгашкан аэродромдо 999-авиабаза жайгашкан, коргоо мекемелеринин ортосундагы келишимдин негизинде орусиялык учкучтар кыргызстандык кесиптештери менен тажрыйба алмашып турушат.

Кошумчалай кетсек, Орусия Кыргызстан аскердик техникаларды сатып алган өлкөлөрдүн бири. Маселен, 2021-жылдын ноябрь айында УКМК менен “Рособоронэкспорттун” жетекчилери Кыргызстандын Чек ара кызматы үчүн орусиялык “Орлан-10Е” учкучсуз учактарын сатып алуу боюнча келишимге кол коюшкан. Ошондой эле эки өлкө  «Рособоронэкспорттон» Ми-17В-5 тик учагын сатып алуу, Ми-8 тик учактарын капиталдык оңдоо, тетиктерди жеткирүү жана аларга агрегаттарды оңдоо боюнча макулдашышты. Андан сырткары  УКМКнын Чек ара кызматы үчүн Кыргызстан Орусиядан 50 жаңы КАМАЗ жана 55 «Тигр» БТР сатып алды.

(БТР республикага алынып келинип, үстүбүздөгү жылдын 25-мартында бара турган жерине тапшырылды)

Өз кезегинде аскердик-техникалык кызматташтык аркылуу Кыргызстан «Дастан» заводунда чыгарылган атайын аскердик продукциясын Россияга сатат.

Б.Н Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети  

(Университет эки диплом берет – кыргыз жана орус, ал эми КРСУнун дипломдору Россияда таанылат)

Кыргызстанда 1993-жылдан бери Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети иштеп келет. Анда кыргызстандыктар гана эмес, Россиянын, Казакстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары да бюджеттик жана контракттык негизде билим ала алышат.

Кошумчалай кетсек, орус өкмөтү келечектеги кыргызстандык студенттер үчүн ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн бюджеттик жана контракттык квоталарды бөлүп берет. Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын март айына карата маалыматы боюнча, Орусиядагы 15 285 кыргызстандык студенттин 6 408и орус өлкөсү тарабынан бөлүнгөн бюджетинин эсебинен окуйт.

Мектеп окуучулары үчүн тамак-аш

Орусия 2013-жылдан бери БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында кыргыз мектептерине ысык тамак киргизүү долбоорунун донору болуп келген. Анын максаты - өлкөнүн аймактарындагы мектептердин тамактануу сапатын жакшыртуу.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, Орусиянын колдоосунун аркасында 2023-жылга карата кыргыз мектептеринин 50%дан ашыгы башталгыч класстын окуучулары үчүн ысык тамак менен камсыз болот. Бул максаттарга Орусия 2013-жылы 12 миллион АКШ долларын, 2018-жылы дагы 10 миллион АКШ долларын бөлгөн.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду

Бул Кыргызстан 2014-жылы чакан жана орто бизнести колдоо максатында башка өлкө менен түзгөн алгачкы эки тараптуу өнүктүрүү фонду. Анын уставдык капиталы 500 миллион АКШ долларын түзөт.

Фонд 2015-жылдын жай айларында ишин баштап, иштеп жаткан мезгилде 427 миллион АКШ долларына 3 миңден ашык насыя берген. Долбоорлор ар түрдүү - “Made in KG” маркасы менен үй тиричилигине зарыл болгон ата мекендик товарларды өндүрүүдөн баштап “Лейлек” кичи ГЭСинин, балдардын кардиохирургиялык клиникасын курууга чейин. 

 
 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить