Саясат саясатчыларды өзгөртөбү же саясатчылар саясатты өзгөртөбү? Экс-депутат Равшан Жээнбековдун позициясы аз жылда бир нече жолу өзгөрүүгө учурады. Аны экс-депутаттын ар кайсы жылдарда маалымат каражаттарына берген маектери тастыктап турат.
Мисалы, Алмазбек Атамбаев бийликте турган учурда Равшан Жээнбеков өзүн атамбаевдик бийлик менен эч убакта келишпей турган оппозиционер катары көрсөткөн. Атамбаевди бийликти узурпациялап алууга айыптап чыккандардын сабында эле. Андан сырткары, аны коррупцияга да айыптаган. Ал турмак, Атамбаевдин узурпациялык иштерин жакшы билээрин айтып, ал эми коррупциялык иштерине далилдер толтура экенин да белгилеген. Мындан улам Равшан Жээнбеков “Жети жылда жасаган коррупциялык иштери, бийликти узурпациялап алганы үчүн аны кылмыш жообуна тартууга болот. Бул мыйзамга каршы келбейт!” – деген пикирин билдирип турган.
Бирок кийин Атамбаев бийликтен кетип “Кой-Таш Республикасын” “түптөгөн” маалда Жээнбеков капысынан ошол “республиканын” катарына өтө качты. Башта айтып жүргөн билдирүүлөрүн унутта калтырып, заматта Атамбаевди коргоп чыкты. Бирок Кой-Таш окуясына байланыштуу камакка алынганда, Башкы прокуратурага сурак берип жатып, окуя учурунда атамбаевчилер тарабынан кармалган аскерлер боюнча “Атамбаев өзү кармалгандарды бошотууга аракет кылмак турсун, коркок да экен, качкан бойдон үйүнүн бурчуна бекинип алды. Ал жактан өзү да чыкпады, бизди да сүйлөшүүлөргө чыгарбай койду”, - деп айтканы маалымат каражаттарына жарыяланган.
Эми кайра эл алдында Атамбаевди колдогон түр көрсөтүүдө. Болгондо да анын жасаган кылмыштарын эң жакшы билип туруп. Кокус, мурдагы президент кылмыш жоопкерчилигинен бошотулса, кайра эле Равшан Жээнбеков биринчилерден болуп “башкы күнөөкөрдү бошотуп жиберишти” деп айгай салаары анык. Өзгөрмөлүү позиция ээсинен андан башка нерсени күтүп болбойт.
Видеодо Равшан Жээнбековдун үч жыл мурда Атамбаев тууралуу айткан пикири: